www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Чынында УКМКнын кызматкерлери элди аралап, кимдин эмне кылганын, кандай сөздөрдү сүйлөгөнүнө тымызын байкоо жүргүзүшөт", - деди бүгүн, 4-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине укук коргоочу Качкын Булатов.
- Качкын агай, азыркы мезгилде митингге 110 миң кишини чогултуу мүмкүнбү?
- Туйгунаалы Абдраимов менен Назарбек Нышановдун 110 миң киши чыгат дегени ойго келбеген нерсе. Эмне үчүн дегенде митингдерге эң эле көп эл чогулганда абдан болсо 6-7 миң киши болот. Акча берсең дагы 10 миң кишини чогулта албайсың. 5-6-7 миң киши араң чогулат. Чынында 1000 кишини дагы табыш чоң маселе. Көп учурда митингге келгендерди көзөмөлдөгөн милицияларды жана УКМКнын кызматкерлерин кошуп эсептеп алышат. Чынында УКМКнын кызматкерлери элди аралап, кимдин эмне кылганын, кандай сөздөрдү сүйлөгөнүнө тымызын байкоо жүргүзүшөт. Милиция болсо, коомдук тартипти сактоого аракет кылат. Азыр митинг өткөрүп, бийликке доомат койуп, таарына тургандай, бийликтин катачылыгын санагыдай орчундуу деле иштер жок.
Тагыраагы, митингге чыгыштын кажети жок. Анткени, бийлик чек ара маселесин чечүүгө киришти, социалдык маселелер акырындык менен чече баштады. Тышкы карыздардан кутула баштадык. Кумтөрдү элге алдык. Пенсия, жөлөкпулдар көбөйө баштады. Конституция бузулган жок. Мэрлер шайланды. Коррупция менен күрөш күчөп жатат. Тагыраагы, азыр митинг кылып, 110 миң кишини алып чыгып, бийлик алмаштырууга себеп жок. Азыр Садыр Жапаровдун аброю жогорулап, ташы өйдөлөп жатат.
- Бирок, коррупция менен күрөштү сындагандар да бар го?
- Туура коррупция менен күрөш жүрүп жатат. Бирок, коррупция маселесинде УКМК менен милициянын да мыйзамсыз иштери бар. Тагыраагы укук коргоо тармагы да коррупциялашкан. Ошондонбу кайрылуу кылсаң да маани бербей коюшат.
Булак: NazarNews.kg