www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беттегенин бербеген, ачуу чындыкты айтамын деп досу Атамбаев менен эки жыл сүйлөшпөй жүргөн Туйгунаалы Абдраимов учурдагы саясатка токтолуп, 17-сентябрдагы митинг тууралуу NazarNews маалымат агенттигине маек берди.  

-Туйгунаалы мырза, сиздин саясатка болгон кадамыңыз бийликти чоочутуп, “эки досту” ойго салды. Ал тургай сиздин үстүңүздөн кылмыш иши козголду деген аңыз кептер тарады. Сиздин саясий багыттагы алдыңкы кадамыңыз кандай?

-“Эки дос” чоочубай эле койсун. Кыргызда жакшы сөз бар “Калыс сөзүн айтпаса аксакалга не пайда?”. Кыскача тарыхты алып карасак, Ормон Ханды Балбай баатыр өлтүргөн. Андан кийин Бугу менен Сарыбагыш чабышып канча киши өлдү. Акыры Балбай өзү түрмөдөн өлдү. Ошондо кырыгыздын эки бир тууган уруусу Бугу менен Сарыбагыштын ынтымагын бузган нерсе болгон. Азыр мен эми Көлдүн аксакалдарына айтып жатам “токтоткула, Атамбаевдин деле кемчилиги болгон, күнөөсү болгон. Бирок бир жери түрмөдөн өлүп калса баарыбыз уят болобуз", деп. Анткени ал кыргыздарга абдан эле жакшы иштеп берди. Кылган иштеринин эң негизгиси Кыргызстан туура жолго түшсүн деп президент болууга мүмкүнчүлүгү болсо дагы, оордуна Сооронбай Жээнбековду шайлап кетти. Бир президент отуруп алып диктатура болбосун деген. Ошондуктан мунун баарын баалаш керек. 

 

Туура, өзү деле убагында адамдардын күнөөсүн далилдебестен камап койгон учурлары болгон. Дастан Сарыгулов, Өмүрбек Текебаев, Талгарбеков, Бектур Асанов, Марат Султанов, Канат Исаевдерди камады. Ошондо жанындагы УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев эсиңердеби? Аягы мына экөө тең каякта отурганын билесиңер. Эгер биз бул жолдон кайтпасак, келечекте дагы “эки достун” орду каякта болуп калышы күмөн.

Мына Жапаров өзү айтып жатпайбы “элди бириктирем” деп. Бириктирсин, саясий туткундардын күнөөсүн далилдеп, үй камагына чыгарсын. Күнөөсү жок дапылдатып эле камай берсе, кустура берсе, кузунду ичип жүрө беребизби? Бул туура эмес жол. 

Биз XXI-кылымда жашап жатабыз. Бүт дүйнө бизди карап турат. Эгерде адамды күнөөгө тартам десе адамдын күнөөсүн далилдеп, сот кылып туруп анан чара көрүш керек. Бул “эки дос” туура эмес жолго түшүп алды. Ошондуктан мен аларга Кыргызстанга тынчылык керек, туура жолго түшкүлө деп жатам. Тынчылык болсо акырындык менен бул оор абалдан чыгып кетебиз. Чындыгында дүйнөлүк кризис, пандемия болуп, экономика оор абалда калды. Азыр алтын президентти алып келип койсоң деле бир жылдын ичинде оңдоп кете албайт. Ушуну элдерге туура түшүндүрүш керек. Менин оюм ушундай. Ак үйдү, бийликти күч менен басып алабыз деген ой жок.

Мен өзүм ар дайым жаштарга, “Ак үй кыргыз бийлигинин символу, ал баарыбыздыкы. Бул Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин, Жээнбековдун же Жапаровдун үйү эмес. Кыргыздын үйү борбору десек болот. Биз аны тоноп, күйгүзүп кыргыз бийлигинин кутун, берекесин кетирип жатабыз” деп айтам. Ошондуктан мындай нерсеге барбашыбыз керек. Бийлик элди андай кылгынга жеткизбеши керек. Көп нерсени сүйлөшүп, компромисс жолу менен чечсе болот.

-Кесиптешибиз Арслан Сартбаевдин гезити "АЗИЯnewsта" сиз уюштурган митингде 10 миңден ашуун адам келиши күтүлүп жатат деп жазып чыкты. Бирок митинг 17-сентябрь Атамбаевдин туулган күнүнө карата уюштурулган. Эмне себептен?

-Алмаз Шаршенович 17-сентябрда 65 жашка чыгат. Ошого карата камактан бошотулушун бийликтен суранып жатабыз. Чынын айтсам көп киши чакырган жокпуз. Себеби өтө көп киши болсо аларга ээ боло албай калабыз. Киши аз болуп калса дагы айтышат “чогулта албай койду” деп. Өзүбүз дагы азыр эки анжы ойдо турабыз. Бирок массалык түрдө элди чогулткан жерибиз жок. Бул митингди ким кандай түшүнсө өзү билет. Бизге чаң-тополоңдун кереги жок. Ансыз деле көпчүлүгүз өзүбүздүн казаныбызда эле кайнап жатпайбызбы?

-Атамбаевдин ден-соолугу боюнча айта кетсеңиз. Сиз өзүңүз барып көрдүңүзбү?

-Мен ал жакка ай сайын барам. Чынын айтканда анын ден-соолугу начар. Мен өзүм врач болгондуктан баарын билип, көрүп турам. Кан басымы төмөндөп өтө эле коркунучтуу болуп жатат. Кудай ден-соолугун берип, дагы аман-эсен болсун, бирок жаман бир нерсе болуп кетпесин деп жатам. Кыргызстандын тарыхы үчүн коңшу мамлекеттер бар, эл журт деген бар. Кыргыздар президентин ушундай кылды десе, келечек муундарга дагы жакшы үлгү эмес.

-Сиз Алмазбек Атамбаев менен жолуктуңуз. Саясатка болгон көз карашы кандай?

-Ал деле тынч эле болсо экен деп жатат. Кээде ачуусу келгенде “баарыңарды чыксам көргөзөм”деп калат. Ал киши башынан эле эмоцианалдуу адам. Негизи Атмбаевди даарыланууга жибериш керек. Ал түрмөдө болобу эркиндикте болобу, баары бир саясатка кандайдыр бир терс таасирин тийгизбей койбойт. Мен Садырдын тарапташтарына кайрылып, былтыр жайында Садырды түрмөдөн чыгарып койсок ал катардагы эле саясатчы болуп калмак. Маңдайына жазылыптыр, мына президент болуп турат. Эми Алмаз Шаршеновичти түрмөдөн чыгарып койсо эл деле аны түшүнмөк.

-Алмаз Шаршенович Садыр Жапаров түрмөдө кезинде атасына топурак салганы дагы чыгарган эмес. Балким экөөнүн ортосунда кандайдыр бир "кечирбөөчүлүк" барбы?

-Туура, Жапаров көп жамандык көрдү. Ал ошол башынан өткөндү сезип айкөлдүк кылышы керек да. Кимге эмне кылсаң ал кайра башыңа айланып келет. Алмаз Шаршенович менен Сегизбаев канча кишини камады, мына арты эмне менен аяктады? 

-Сиз айкөлдүккө көп басым жасап жатасыз. Кечээ жакында Аскар Акаев Кыргызстанга келип кетти. Буга көз карашыңыз кандай?

-Көз карашым абдан жаман. 1992-жылы Акаев президент болгон кезде Кеминде бир аксакал “ай балдар оңбой калдык, кул тукум эл бакпайт” деген. Мына ошондой эле болду. Мага жаман адамдын образын айт десе Акаевди айтаар элем. Куйту, коркок, жан бакты адам. Сотко берсе бере берсин. Аны Кыргызстанга алып келбеш керек болчу, мына бетибизге түкүрүп кетпедиби. Мен билбей калдым, өкмөт жасады дегени такыр туура эмес.

-Ошондо биз бардык кеткен президенттерди кечиришибиз керекпи же Атамбаевди элеби?

-Учурунда Атамбаев жакшы иштеп берген. Кеткендер кеткен жеринде жүрө берсин. Алар элге келсе жарака кетет. 

-Атамбаев түрмөдөн чыкса жарака кетпейби?

-Атамбаев дагы өлкөдөн чыгып кетсин. Атамбаев түрмөдө өлүп кетсе кыргыз эли, эң башкысы Жапаров уят болот. Жапаровдун аты тарыхта ошондой болуп калат. 

-Атамбаев өзү мени чыгарсын деп айттыбы?

-"Мени шарты жок чыгарсын. Эгер мага шарт койсо мен намыс үчүн түрмөдө өлөм" деп жатат. Учурунда Атамбаев деле айкөлдүк кылып Ташиевди, Келдибековду, Түлеевди түрмөдөн чыгарган. 

-Кыргызстанда уруу-уруу, түндүк-түштүк болуп жатышат. Бул нерсе сизге байкалып жатабы?

-Бул түндүк-түштүк болуп бөлүнүү Атамбаевдин маалында бир топ эле азайып калган. Түндүк-түштүк болуп бөлүнүү Акаевдин маалында башталган. Ошол кезде бизди күчтөп медфакка 50 орун берип ОшМУга ачтырган. Бул жеке кызыкчылык болгон. Илгери биз баарыбыз Бишкектен эле окучубуз. 

-Чындыктын өз убагында айтылганы жакшы. Жапаров менен Камчыбек Ташиевге туура эмес жасап жаткан иштерин айтып көрдүңүзбү?

-Кимге айтканымды айтпай эле коёюн. Бирок айткан учурларым болгон. 

-Кыргызстандын келечегин кандай элестетесиз?

-Барган сайын Кыргызстандын келечеги жаман болуп бара жатат. Борбор Азияда чатак чыгарабыз деген державалардын көксөгөнү Кыргызстан болуп жатат. Азыркы учурда уктап жаткан “ячейкалар” көп. Азыр жумушсуз нааразы болгон жаштар көбөйдү. “Баарыбызга бар заман, бир кыргызга кор заман”. Көпчүлүгү Орусияда экинчи сорттогу адам болуп иштеп жүрүшөт. Байлар менен күрөшпөй, кедейликти жоюш керек. Чиновниктер менен бизнесмендерди кустурбай элге иштетишибиз шарт. Республикада бай адамдар көп болуп, элге жумуш бербесе, мамлекет күндөн-күнгө артка кете баштайт.

-30 жыл ичинде кимдер гана бийликке келген жок. Акаев өзүн актайт, Атамбаев өзүн актайт. Андай болсо Кыргызстанды ким сазга батырды?

-Мамлекетти сазга батырып, элдин шоруна калган бул албетте Акаев. Бакиев болсо башында жакшы эле иштеп жаткан. Экономика өсүп, кийини эле ал бийликтен алыстап, мамлекетти Максим менен Жаныш бийлеп калган. Атамбаев болсо кемчилиги болгону менен жакшы иштеди. Ал жада калса мени кызматтан айдады. 

-Сизди кызматтан айдаганына нааразы болдуңузбу?

-Атамбаевге нааразы болуп, эки жыл сүйлөшпөй койдум. 

-Садыр Жапаров бийликке жаңы келгенде “эч кимди куугунтуктабайм, качып кеткен президенттерди алып келем” деген. Кыргызда сөз бар “султан сөөгүн кордобойт” деген. Кеткен хандардын баарын чогултуп, саздан чыгып кете алабызбы?

-Муну кийинки муундар чечпесе, азыр бир нерсе деп айтыш оор. Бирок, дагы деле болсо үмүт бар. 

-Кыргызстанга кандай президент керек?

-Кыргызстанга калыс, салмактуу, көптү көргөн президент келиши керек. Акылдуу, таланттуу жаштар бийликкке көп жулкунбайт. Ал эми деңгээли жоктор эле дарылдайт экен. Мисалы 28 жаштагы инибиздин 5 сотых күнөсканасы бар экен. Анысы дагы насыяга алынган. “Мен премьер-министр болом” деп бакырып жүрүп, акыры айыл чарба министри болду. Анысы аз келгенсип, малды сыртка чыгарбайбыз деп дагы элдин убалына калды. Ар бир бийликтин катачылыгы элдин жашоосуна зыянын тийгизет. Айрыкча, парламентке билими жок эле адмдар келип мыйзам кабыл алып жатат. Мисалы чет өлкөдөгү парламентте эң жашы 50 дөн өйдө. 

-Кыргызстандын тагдыры барымтада калып калган жокпу?

-Биз чоң державалардын ортосунда жаман абалда калдык. Улуу Жибек жолунун чоң артериясы бизде турат. Бирөө темир жол салам десе бирөөлөр ага тоскоолдук кылат. Кандай гана президент келбесин чоң державалардын кандайдыр бир басымына түшүп калат. Ички саясат бекем, эл ынтымакта болмоюнча тышкы саясытыбыз өнүкпөйт. 

-Кыргызда сөз бар “эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт” деген сөзгө ишенесизби?

-Ооба, ишенем. Фарид Ниязов Кой-Ташта отуруп алып, элди башкарабыз дегенде айткам, “Фарид, сен тарыхты билбейсин “эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт”. Бийлик үчүн бала атасын, атасы баласын өлтүргөн” дедим. Мына эми бул “эки дос” өлкөнү жарышып башкарып жатат. Чынын айтканда Кудайым буларга ыйман, ынтымак берсин. Бирок, ар бири өз орду менен башкарганы оң. 

-Достордун бийликке келишинин кереги барбы же жокпу? 

-Бийликке келгенден кийин аралыкты сактап, бийликти талашпай дос, дос болуп калышы керек.

-Социалдык тармактарда азыркы бийликке ишенбөөчүлүк күчөп, талкуу жаралууда. Булардын тагдыры кандай болуп калышы мүмкүн?

-Аны бир Кудай билет... 

-17-сентябрдагы митингде кандайдыр бир ызы-чуу чыгып кетишинен коркпойсузбу?

-Провакация болбосо, эч кандай ызы-чуу болбойт. Биз Атамбаевди “тарых үчүн бошотсун” деген тынчтык митингин өткөрөбүз. Бийликтегилер ач көз болбой, ыйманга келишсин. Дүнүйөнүн түбүнө эч ким жеткен эмес. Жеңил келген эркиндикти баалай албай, талашканыбыз бийлик болуп калды. Учурда бийликте кулдун тукумдары көбөйүп кетти. Булар күнүмдүк кара курсактын кулу. Азыр кедей байга, бай Кудайга жетем деген заман болуп калды. Ошол заман түбүбүзгө жетпесе экен деген тилек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости