www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кустуруу" саясатына эл-журттун ичи чыкпай жатканы, коррупционерлер "доллар" менен жеп, "сом" кусуп бергенинде болуп жатат", - деди бүгүн, 4-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине Хашим Зайналиев.

- Хашим агай, 110 миң кишини аянтка чыгарып, митинг уюштурууга себеп барбы?

- Уюштурулуп жаткан митингге канча адам келет, аны ошол күн көрсөтөт. Кеп, уюштурулуп жаткан митингде объективдүү жана субъективдүү зарылчылык барбы? - деген суроого жооп издөөдө турат. Объективдүү зарылчылыкка - эл-журттун жашоо турмушунун оорлошу, баалардын көтөрүлүшү, экономикалык өсүүнүн жоктугу, каатчылык жана башка көрсөткүчтөр мотив берчү эле. Мындай көрүнүштөр бар, бирок ага карата элдин нааразычылыгынын психикалык детерминанттык чыңалуусу жок. Ал эми субъективдүү зарылчылыктын салмагы бар. Президент Садыр Жапаровдун шайлоо компаниясы учурунда берген убадаларынын унутулуп калганы, мурдагы бийликте иштегендерди жана Кыргызстанды экономикалык оор ахвалга алып келген коррупционерлерди жана чиновниктерди-люстрация жасалбаганы, аларды жоопко тартууда, айрыкча "кустуруу" саясатына эл-журттун ичи чыкпай жатканы, коррупционерлер "доллар" менен жеп, "сом" кусуп бергенинде болуп жатат. Бийликтин ушул иштерине эл тараптан ишенбестикти жаратып отурат. Дагы бир көрүнүш С. Жапаровдун кол астында иштеген чиновниктерди "камчылабагандыктан" шайлоочуларга берген убадасын ишке ашыра албай отурат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости