www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев саясый оппонентерине жалган кылмыш иш токуганы нараазычылыкты жаратпай койбойт. Убагында өзү деле Чынгыз Айтматовду алдап, А. Акаевден 50 миллион рубль (ошол убакта доллардын курсу 90 тыйын болчу) алдап алганын Кыргыз интелегенция баары билишет. Чындыгында  ири афераны Атамбаев ишке ашырган деп айтылып жүрөт. Ошо акчага Атамбаев беш заводду алып, аягын кумга сиңип жок болду. Так ушу чын же төгүнбү биз билбейбиз, мен А. Акаевдин сөзү менен айтып жатам, анда эмнеге Атамбаевдин үстүнөн кылмыш иш токуса болбойт? Ал эми ушундай эле Текебаевди Л. Маевский  ушуга окшош 7 жыл мурун сен миллион доллар алгансың дегени суу кечпей, бир дагы акылга сыйбаган иш болуп жатпайбы. Жети жылдан бери эч бир ооз ачпай бир ушактын арты менен орто жерден Атамбаев Текебаевди камакка алганы бир дагы мыйзам көтөрө албайт. Текебаевге үч жыл мурун эле Өмүрбек Абдрахманов партиялашы эң жакын досу болуп жүргөн, кийин Текебаевге каршы чыгып, далилсиз ушакты таратып жүргөн. Качан Атамбаев өзүнүн үзөңгүлөштөрүн жамандап, маскаралап, коомго жамандай баштагандан кийин Текебаев ичинен жарылгандан кийин Атамбаевдин кылмыштарын Текебаев ачыкка чыгарга баштагандан кийин, Атамбаев кайсалактап “Белизгейтти» ойлоп табышкан, “Белизгейти” далилсиз болуп калгандан кийин даяр турган Ө. Абдырахманов баягы ушагынын пайдасы тийип эми аферист Леонид Маевскийди таап келишет. Эмне биздин мыйзамда ушак мыйзамдуу болуп калганбы? Ал эми карапайым эл чындык издеп далилдуүү арыз менен кайрылса, бир дагы коррупциянын бети ачылбай келет. Тергеп туруп акчасын алып басып коюп жатпайбы. Анан эле башка өлкөнүн жаранынын айтып койгон сөзү үчүн камакка алганы акылга сыйбаган иш. Мен тендердин “Электрические станция” тендердин мүчөсү болуп жүрүп Бишкек ТЭЦке көмүр сатып алууда Атамбаевдин балдары көзөмөл жазап жылына 15 миллион доллар пайда көрөт деп “Жаны муундун” балдары менен ачкачылык кармап тергете алган эмеспиз. Ал эми Шыкматовду бир машинени тендерди бузуп саткансың деп камакка алганы жатканы, Атамбаевдин чектен чыкканы эмеспи. Атамбаев 2010-жылы кан кечип келген элең, арбактан коркон жоксуң. Июнь когаланында 469 адам набыт болду, 5 миң адам жарадар болду, үйсүз калышты, жесир – жетим калышты эле, эмне убалдан корпойсуң. Андан кийин чек арадан бир адамды тирүү койбой өлтүртүп салдың, түрмөдөн качкандарды өлтүрттүң, кошумча кемпир – баласын кошуп жайладыңар. Кан тебелеп эле келетасың. Бакиевден аштын өлтүргөн жагынан, уурулук жагынан кем калган жоксуң. Эми бир убакта саясый пикирлеш, үзөңгүлөш жакындарынды камаганга кумар болуп, мыйзамдын чегинен чыктың. Шайлоону сенсиз өткөрөбүз деген ураан чыкканы, сага саясатчылар ишенбей калганы өкүнүчтүү. Эми мындай кырдаалды токтото албайсың, сени тегерегин өзүңдү бийлеп калды. Айла жок Алмаз, бир убакта сага ишенич артып бийликке көтөрдүк эле. Эми өтө көп душман күттүң, тегерегинде “дежурлар” калды. Аттиң...

Укук коргоочу Качкынбек Булатов    

 

Последние новости