www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия президенти Владимир Путин Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуу учурунда Астанадагы Сирия боюнча сүйлөшүүлөр БУУнун ортомчулугу алдында Женевада өткөн сүйлөшүүлөргө негиз салып бергенин билдирди.

Казак президентинин маалымат кызматы кабарлагандай, Орусия президенти глобалдуу маселелерди чечүүдө Казакстандан колдоосунан үмүт артарын айтты.

Назарбаев Казакстан менен Орусия эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча бирдей позицияда экенин жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин алкагындагы тапшырмалардын аткарылышы үчүн болгон аракеттерин жумшай тургандыктарын баса белгиледи.

Путин Астанадагы Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдө Назарбаевдин көмөгү менен жыйынтыктар болгонун, ок атышууну токтотууну көзөмөлдөө мехнизмин түзүүгө казак лидери катышканын билдирди.

Астанада 23-24-январда өткөн сүйлөшүүлөрдө Орусия, Иран жана Түркия Сириядагы согуштук аракеттерди токтотуу боюнча бирге аракет көрүшөрүн жарыялашкан. Бирок алты жылга созулган Сириядагы согушту саясий жол менен жөнгө салууга мүмкүн болгон эмес.

Булак: "entralasian.org"

Последние новости