www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте электрондук коммерция борбору ачылды. Аны “Кыргызпочтасы” ишканасы башкы кеңсесинде 27-февралда ишке киргизди. Мекендештерибиздин көпчүлүгү интернет дүкөндөрү аркылуу каалаган товарын сатып алууну билбейт же төлөм карталары менен төлөгөндөн коркушат. 

Ушуга байланыштуу Кыргызпочтасы биринчи жолу электрондук коммерция борбору пилоттук долбоорун ишке киргизди. Мында жарандар келип, оператордун жардамы менен керектүү товарын тандап, акчасын төлөп, белгилүү бир убакытта аны алып кете алат. Кызмат көрсөтүү акысыз. Пилоттук долбоор азыр бир гана кеңседе иштөөдө. Жакынкы күндөрү Бишкектин ичинде көбөйүп, андан ары кырктан ашык почта борборлорунда ачылат, - деп ишкананын жетекчиси Таалайбек Эшалиев билдирди.

“Биз электрондук коммерцияны ишке ашырууга Кытай компаниясы менен келишим түздүк. Товар буйрутма берген күндөн 1-2 айда келет. Алып келүү мөөнөтүн азайтуу боюнча жакында сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз”,-деди “Кыргызпочтасы” ишканасынын башкы директору Таалайбек Эшалиев.  

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости