www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүрбек Текебаев эки айга камалды

"Ата-Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев эки айга камалды. Саясатчыны УКМКнын убактылуу жайында кармоо боюнча чечимди сот 27-февраль күнү чыгарды.

Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Каныбек Иманалиев билдирди:

- Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди эки айга камоо боюнча чечим чыгарыптыр. Биз бул маселени эртең парламенттин жыйынына алып чыгабыз. Текебаев менен чогуу иштешип келген депутаттарга адилет сөзүңөрдү айткыла деп айтабыз. 28-февралда болсо биздин мөөнөтсүз митинг УКМК алдында уланат.

Бул арада Европа Коопсуздук Кызматташтык Уюмунун Парламенттик ассамблеясы оппозициячыл депутат Өмүрбек Текебаевдин кармалышы боюнча жагдайга өтө жакындан көз салып жатканын кабарлады.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 26-февралда саат үчтө “Манас” аэропортунан кармалып, камакка алынган.

25-февралда Башкы прокуратура “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге Кылмыш-жаза кодексинин “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча УКМКдан келген материалдардын негизинде иш козгоду.

Башкы көзөмөл органдын маалыматында Текебаев орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы бир млн доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин каражатты кошумчасы менен кайтарып берерин айткан. Бирок “Мегаком” сатылбай калып, Текебаев орус жаранына акчаны бербей койгон.

Текебаев өзүнө карата козголгон иш күтүлгөнүн, УКМК тарабынан атайын пландалганын билдирген.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости