www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Бозпиектеги окуяда, бийлик тынч келеткан демонстранты атып алты адамды набыт кылган. Бозпиектеги окуя Кыргыз тарыхында боштондук үчүн күрөшүүнүн башкы этабы болуп берди. Ал эми 2005-жылы 24-мартта, оппозиция тынч мөөнөтсүз бийликтин мыйзамсыз ишине каршы акция чыккан элек. Оппозиция күчтөрү бир дагы бийликти басып алабыз деген ою дагы жок эле. Биз Украинадай Ала Тоо аянтына эки айга мөөнөтсүз митинг өткөрүүгө даяр болуп келген элек. Бирок кайдан жайдан “Ак шапке” деген спортсмендер пайда болуп, калың фанерден жазалган калкан, таякча менен келип, митингде тынч турган элге кол сала баштаган. Аз убакыттын ичинде “Ак Шапке”ни ур тепкиге алынганда алар жан соогалап, шапкелерин ыргытып эл арасында сиңип кетишкен. Ошол убакта Ала Тоо аянтка бийлик “Ак шапке”ге бир машине таш алып келген экен демонстраттарды кубалаш үчүн, бирок ошол таштар кайра Ак үйдү коргогон калканчыларга ыргып, жааган таштар калканына тийип, туруштук бере албай бат эле качып кетти.

Ошентип үч саатта элдер Ак үйгө кирип барып, Акаевдин бийлигин кулаткан. Бир дагы милицияга кол салуу болгон эмес, балким көпчүлүк деген көпчүлүк ыргыган таш кимге кана тийген жок. Бирок Ала Тоо аянттан адам өлтүрүү болгон жок. Ал эми 7-апрель окуясында 97 адамдын өмүрү кыйылды, миндеген адам жарадар болуп майып болгону канча. 6 жыл өтсө дагы ошо курман болгон адамдардын арбагын ыраазы кылган жок. Ага ким күнөөлү албетте Атамбаев. Жакында Атамбаев көңтөрүштүн башаты мен деп мойнуна алды.

Чындыгында эл Атамбаевди эчип көңтөрүш кылып жандарын кыйган эле. Ал эми Атамбаев бийликти басып алгандан кийин, берген анттына турган жок, тескерсинче Кыргыз элине кыяматчылык жаратып келе жатат, саясый лидерлерди, журналистерди куугунтукка алды. Мындай кадам нараазычылыкты жаратпай койбойт. Атамбаев бийликке келгенден бери кан төгүп эле келе жатат, Апрелдеги курман болгондор, Ош – Жалалабад коогалаңы, Ысык-Көл чек арасындагы куралсыз 11 уйгурду аттырып таштаганы, түрмөдөн качкандарды кыйнап өлтүргөнү, бардык адам өлүмдөрү табышмактуу болуп калуда, мезгили келгенде барына юридикалык баа бериши керек.

Адамдын боштондугуна кол салуу өнөкөткө айланды, саясый оппонентерин камай баштап, аларды сасык партия дегени ажонун сөзүбү, эркек башы менен аялдын сөзүн сүйлөй баштады. Кыргыз элин Россияга байлап бергени аз келгенсип, Россиянын журналистерин провокацияга чакырып эр болсоңор Россиядан эркин сүйлөп көрсөңөр дегени, Путиндин огородуна таш ыргытып жатканы эмеспи. Эмнеси болсо дагы Атамбаевдин бийлиги Апрель көнтөрүшүн актаган жок. Атамбаев кийинки күндөрү жоопкерсиз кадамдарды кылып келе жатат, дагы кан токпосо болду.  Атамбаев такай “Бакиевский” деп сүйлөйт, эртең эле эл, “Атамбаевдин шүмшүктөрү”деп  калаары айдан ачык.

Бирок чын эле 24-март элдик тынч митинг болгон. 2010-жылы куралдуу мамлекеттик төңкөрүлүш экенин жаап жашырсак деле ОДКБ так ошондой жыйынтык чыгарган. Качып кетти дегенибиз эле болбосо экс-президент Курманбек Бакиевди колдогондор дагы да болсо көп экенин көрүп жүрөмүн.

Качкынбек Булатов, укук коргоочу

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости