www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кызматтык креслодо олтурганда бийликке аянбай жанын берген. Андан айрылса бийликке аянбай акаарат келтиргендер кыжырды кайнатып жиберчү болушту. Андайлар абдан көп. Бирок аларың кайсы бир маселеде, “шеп” менен келише албай калган киши болуп, орустар айтмакчы “плавно” экинчи жээкке, оппозиция тарапка секирип кетишет. Ошондуктан көбү түбөлүк бийликке каршы жүргөндөй элес берет экен. Ал эми Эмилбек Каптагаевдин азыр кабанаак итче бийликти карап калп эле үргөнү байкалып калды. Канча аракет кылса деле түк окшошпойт.

Себеби ал Ысык-Көл облусун башкарып турганда, “Кумтөр” маселесин айтып чыккан саруулук активист балдарды темир тордун аркасына жөнөткөнү белгилүү. Саруу окуясынын артында Садыр Жапаров турат дегендей шумдук шоу уюштуруп, өзүн барымтада калган байкуш катары көргөзбөдү беле.

Муну Көлдүктөр али унутуша элек. Анан ушундай артында шакмарлары кайнап турса деле жазганбаган эргул жан экен. Бүгүн ошол өзүнө кызмат берип, кийин кайра тартып алган учурдагы Атамбаев бийлигине каршы кыйкырып алыптыр го. Мунусу канчалыкка барат болду экен? Көпчүлүктү “маңкурт” көрөбү айтор бул бийликке канчалык каршы сүйлөбөсүн, ошончолук оппозициянын дагы кыжыры кайнап жаткан имиш.

Анан эмне Эмилбектин эпчил интригасы менен бееде жаш жигиттер камакка алынып олтурушса. Оппозиция болсо дагы ал жакта мынчалык пасттыкка баргандар жок экен. Ошондуктан Каптагаев тар чөйрөдөгү үзөңгүлөштөрүнүн баарынан эле кагуу жеп жүрөт экен. Антсе дагы “Орус оюндагысын кылат” болуп өзүнүкүн бербей, апендиленип келе жаткандыгы өтө өкүнүчтүү. Ушундан көрө  тынчыраак бала- бакыранын маңдайында, келин-кыздын чайын ичип бактылуу карылыкты сүрсө болмок. Аксакал окшоп омоктуу кеп кеңеш айта албаган соң....

Булак: “Ачык саясат”

Последние новости