www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда бийлик лөктөрү айрым оппозициялык саясатчылар менен тымызын сүйлөшүүгө барып, “Атамбаевди отставкага” деген ураандардын ордуна “Парламент таркасын! Өкмөт кетсин!”- деген маселени көтөрүп чыгышса, диалогго барууга даярдыгын билдирүүдө. Ошондуктан, жакын арада парламентти таркатуу багытында масштабтуу митингдер орун алышы мүмкүн. Оппозицияны бал тилге салуу менен бул план ишке аша турган болсо Ак үй үч чоң утушка ээ болот: биринчиси, парламентти таркатып, кайра шайлоо аркылуу мындан да тил алчаак депутаттарды алып келүүгө жол ачылат, экинчиси, “шефке” баарынан жакын турган С.Исаковдун тобу мураскерлик үчүн күрөштө прямой конкурент болгон Жээнбековдорду чаап, айтканынан чыга албаган адамды премьерликке коюп алышат, үчүнчүсү, нааразы болгон элдин да шаабайын суутуп коюшат. Ошентип, азыртан президент болууну кыялданган талапкерлердин тилегине балта чабылат. Керек болсо аларда даярдыкка убакыт болбошу үчүн президенттик шайлоону парламент таркаса аны кошуп, жайында эле өткөзүп салуу планы бар экени каңкууланууда.

Булак: “Майдан.kg”

 

Последние новости