www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл Нарында суук катту болуп, көмүрдү өз убагында алып келинбей, Нарын эли бир далай түйшүккө кабылды. Кычыраган суукта жага турган көмүрү жок болуп,  балдар, кемпир чалдар жабыркап убал болууда. Айласы кеткен активистер нараазычылык митинге чыгып ичтеги чогулган маселени айтайын деп аракет кылса, бир жагынан баягы үзөңгүлөш “Апрель баатырлары” эки – үч топко бөлүнүп, бир жагы оппозиция болуп эл көйгөйүн айтайын десе, бийликчил “Апрель батырлары” сөз сүйлөтпөй кол салууда.

Көрсө бийликтен устукан алмай адатка айланыптыр. Бизнесмен, базарком Аманбай Кайыпов областы оңдойт деп чоң ишеним арткан Атамбаев жаңылган окшойт. Аманбай Кайыпов жалаң тойдон колу бошобой, үйүндөгү муздаткычтар учага толуп кетиптир дешет Нарындыктар. Көрсө ошо учадан “Апрель баатырларына” берип жатса керек. Бирок Аманбай Кайыпов жөн эле саткын дүжүрлөргө уча бербей калсын, арткан-урткан жиликтердин баштарын бериши мүмкүн.

Баягы калыс сүйлөгөн «Апрель баатырлары” жок алар бат эле транформация болуп дежур саткынга айланып калган экен. Кээ бирде баатыр дегенге ооз барбайт айтканга, кадимки саткын ыплас кадамга барып элге жек көрүндү болуп бүтүштү. Ар бир адам ээн эркин сүйлөөгө акысы бар ошондой эле ээн эркин чогулушка катыша алат деп баш мыйзамда жазылып турат.

Ал эми бийлик өзүлөрүнүн кызматын так аткара албай бийлигине тырышып элге каршы чыкканы, кылмыш ишке баланат. Аманбай Каипов Нарын обласынан бир дагы көрүнүктүү иш алып барган жок, ал эмес ушу Кара - Кечени иштете албай койду. Болбосо Кара-Кече менен республиканын бюджетин толтуруп облусту бакса болоор беле? Болмок, эгерде жаратман болсо калп эле имитация кылып той улаганын койсо. Жакынкы аралыкта оппозиция маанайдагы «Апрель баатырлары» бийликке каршы митинг – ачкачылык жарыя кылууга  даярдык көрүүдө.

Укук коргоочу Качкынбек Булатов    

Булак: NazarNews.kg

Последние новости