www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда өткөн жылдагы төңкөрүш жасоо аракетине катышкан аскер кызматкерлеринин үстүнөн соттук жараян башталды. Алар өлкө президенти Реджеп Тайып Эрдоганга кол салган деп айыпталышууда. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирүүдө.

Иш боюнча айыпталуучу катары 47 адам өтүүдө. Алардын көбү – 16-июлга оогон түнү Эрдоган турган Мармарис мейманканасын басып алууга аракет кылган аскер кызматкерлери. Айыпталуучулардын бири козголоңчулардын максаты Эрдоганды өлтүрүү эмес, аны колго түшүрүү болгонун билдирди. Айтымында, алар Эрдоганды төңкөрүш катышуучуларынын базасы жайгашкан Акынжыга алып барууну көздөшкөн.

Айыпталуучулардын арасында учурда АКШда жашап жаткан диний ишмер Фетхуллах Гүлен да бар. Түркия бийлиги аны козголоңдун идеологу деп атап келет. Андан сырткары ал террордук уюмду жетектейт деп да айыпталууда.

Бул иш боюнча айыпталуучулар өмүр бою эрктеринен ажыратылышы мүмкүн.

Түркияда куралдуу төңкөрүш жасоо аракети өткөн жылы 16-июлга караган түнү болгон. Өлкөдө өзгөчө абал режими киргизилип, Адам укуктарын коргоо боюнча Европа конвенциясынын аракеттери токтотулган. Төңкөрүш жасоо аракети боюнча кармалгандардын алгачкы сот жараяны декабрдын соңунда башталган. Январда иш боюнча алгачкы өкүм чыгарылган. Анда мамлекеттик төңкөрүш даярдоого айыпталган эки аскер кызматкери өмүр бою эркинен ажыратылган.

Жалпысынан бул иш боюнча 40 миңден ашык киши кармалган.

Булак: Борбордук Азия жаылыктары

Последние новости