www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
20-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Искендер Матраимов Ош облусунун Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушту.
Иш-чаранын жүрүшүндө депутат И.Матраимов Ош эл аралык аэропортун жылдыруу боюнча долбоор иштелип чыгып жаткандыгын маалымдады. Анын айтымында, Ош эл аралык аэропорту бүгүнкү замандын талабына жооп бербейт. Андыктан, жаңы аба майданын курууга Мады айыл өкмөтүнөн 500 гектар жер табылган. “Ош аэропорту 1962-жылы курулган. Саатына 200 адамды тейлөөгө ылайыкташылган. Бүгүнкү күндө учак кызматын колдонгондор көп болгондуктан, 2-3 күн туман түшсө аэропортко жүргүнчүлөр батпай кетип жатат. Мындай учурларда жарандарга жакшы сервис көрсөтүлбөй калган учурлар болууда. Азыркы өнүккөн шартта чет өлкөлөрдөгүдөй мыкты тейлөө жүргүзүлгөн заманбап аэропортубуз болушу керек. Бул маселе боюнча менин төрагалыгым астында комиссия иштеп жатат”,- дейт И.Матраимов.
Мындан сырткары, эл өкүлү жаңы аба майдан курулуп калса, 2000-3000 жумуш орду түзүлөөрүн кошумчалады. “Бул Кара-Суу районунун жергиликтүү тургундарынын жашоо-турмушун жакшыртууга өбөлгө түзүлөт”,- дейт ал.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы