www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин V чакырылышында «алтын балык» аталган депутат Абдыкеримов Шаршенбек мырзаны ким билбейт. Эң ири алкомагнат, байлыгы жагынан Кыргызстанда алдыңкы орунда турган бизнесмен, коммерсант адамдардын бийликке умтулуп, депутат болууга шымаланышынын артында баягы эле чириген байлыкты кѳбѳйтүп, бизнес кызыкчылыгын коргоо экени эч кимге деле жашыруун эмес. Ал эми Жогорку Кеңештин VI чакырылышындагы шайлоодо Шаршенбек Абдыкеримов Канат Исаев менен «Кыргызстан» партиясынын түндүгүнүн астында биригип, «Ѳлкѳнү ѳндүрүш менен ѳстүрѳбүз. 100 завод курабыз!» деген убадалары аткарылбай калат го деп убайым тартып олтурган чагыбызда Шаршенбек мырза добушту башка жактан алуунун жолун тапкан экен, чиркин. Маселен, сепаратист аталган Кадыржан Батыровдун оң колу болгон Ала-Бука районунун ѳзбек диаспорасынын лидери Т.Гиязов менен Ѳзбекстанда Салимбай байбача деген каймана ат менен кылмыш дүйнѳсүнѳ белгилүү болгон Салимбай Абдувалиев деген адамдын ишенимдүү ѳкүлү Шомурад Шофайзиев баш болгон бир катар ѳзбек диаспораларынын лидерлери менен Ысык-Кѳлдѳ жолуккандыгы тууралуу маалымат өткөн жылдары массалык маалымат каражаттарына чыккан эле. Кийинчирээк Салимбай байбача менен Шаршенбек мырзанын жакындыгы бар экендигин «Кыргызстан» партиясынын лидери Канат Исаев дагы тастыктаган жайы бар. Шамал болбосо, чѳптүн башы ѳзүнѳн-ѳзү кыймылдабайт да. Андыктан Абдыкеримовго суроо узатуунун кезмети келип олтурат:
--Шаршенбек Шайлообекович, сизди ѳзбек улутундагы олигарх, кыргыздын бет карагыс душманына айланган айтылуу Кадыржан Батыров менен дос деген кептер байма-бай айтылып келет. Бирок сиз буга ѳз оозуңуз менен ак же кѳк деген жообуңузду билдирбейсиз. Сыры эмнеде? Чын эле мамлеңиз барбы? Кадыржан Батыровдун баласына ѳкүл ата экендигиңизди моюнуңузга аласызбы? Шайлоодо ѳзбектердин басымдуу бѳлүгү «Кыргызстан» партиясына добуш берди, мунун сыры эмнеде? Ѳз чындыгыңыз болсо ачык айтып, үн катпайсызбы? Же Кадыржан Батыров менен болгон достугумду тана турган болсом, мамилем сууп калат деген ой менен унчукпай келесизби? Бул ирээт дагы унчукпай кутуласызбы?
Нургазы Айтмырзаев
Булак: "Мантыш"