www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германия өз тарыхында эң ири арктикалык экспедицияны ишке ашыруу планын жарыялады. 2019-жылы 120 метрлик "Поларстерн" кемеси Түндүк уюлдун муз тиштеген аймагына сапарга чыгат.

Экспедициянын негизги максаты климаттык өзгөрүүлөрдү иликтөө. Жер шарындагы баарынан тез өзгөрүүгө учурап жаткан климат Арктикага мүнөздүү. Ѳткөн айда Арктикада көп жылдык иликтөөлөрдөн кийинки эң жука муздар тоңду.

MOSAiC деген аталыш менен даярдалып жаткан германиялык долбоорду профессор Маркус Рекс жетектейт. Ал Арктикалык муздардын мурдагыдан алда канча бат кыскарып баратышы боюнча иликтөө жүргүзүүгө мүмкүндүк болот деп билдирди.

"Ондогон жылдардан кийин жай айында Арктикада муз болбошу да мүмкүн деген жоромол бар. Бул эми такыр башка дүйнө болот. Биз ушундай болобу же жокпу деп алдынала билүүнү каалайбыз»,-деди Рекс.

Сүрөттүн автордук укугуMOSAIG

Image caption"Поларстерндин" болжолдуу маршруту: Чыгыш Сибирь деңизинен башталып, соңу Гренландияга жакын жердеги Фрам кысыгынан бүтөт.

Экспедициянын чыгымы 63 миллион евро (67 миллион доллар) болот. Германиядан сырткары долбоорго Орусия, Улуу Британия жана Кытай катышуусу мүмкүн.

Бул экспедицияны 1890-жылы норвегиялык изилдөөчү Фритьоф Нансендин Түндүк уюлга сапарынын уландысы катары карап жатышат.

Нансен адамзат тарыхында биринчи жолу кеме менен муз каптап калган Түндүк уюлга жетүүгө аракет кылган. 1893-жылы июнь айында "Фрам" кемеси менен Нансендин сапары башталган. 1894-жылдын жай айынын соңунда Нансен кеме уюлга жетпей турганына көзү жетип, Ялмар Йохансен менен бирге итке чегилген чана менен жүрүшүн улантууну чечкен. Ал 1896-жылы гана кайра кайрылып келген.

Булак: Би-Би-Си

Последние новости