www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Келинчегим Бактыгүл Молдотаева үч жыл мурун 2013-жылы 30-декабрда 4 эм төрөгөн. Тилекке каршы бирөө чарчап калды, - деп билдирди бүгүн, 21-февралда NazarNews.kg маалымат агенттигине Уланбек Абдрахманов.
“Ошол маалда ЖК депутаты Роза Акназарова бизге 100 миң сом алып келип, силер төрөт үйүнөн чыкканча үй маселесин чечип беребиз, деп Жогорку Кеңеште эки жолу “Ар түрдүү маселелер” жыйынында айтып министрге тапшырма берген. Эки айдан кийин ошондогу Өкмөттүн фондунан 200 миң сом беришкен. Ошол учурда “бир айдын ичинде шаардык тизмеге катталгыла үй беребиз”, деп шаштырган. Ошол боюнча бизге бириле турган үйдөн дайын жок. Азыр балдарыбызга жөлөк пул 4212 сом, кышкыга 1500 кг көмүр беришет.
Бизге Өкмөт үй чечип беребиз дегенден бери үч жыл өттү. Келинчегим төрөгөндөн кийин Бишкектен бир аял 4 эм, 2-аял 3 эм, Оштон да 1аял, 3 эм андан кийин Жалал-Абаддан да 1 аял, 3 эм төрөгөн алардын баарына өкмөт үй маселесин чечип беришти. Бизден кийинки 3-4 эмдин баарынын бир айга жетпей үй маселеси чечилди.
Ушул тапта 3500 сомдон батирде турамын. Көпчүлүк мени көрсө интернетте жүрөсүң үй алган турбайсыңбы дей берет. Мен Өкмөт тарабынан эч кандай үй алган эмесмин. Жакында тийиштүү жерге суранып барсам, бизди катардагы жарандардын тизмесине кошуп коюптур. Үч жылдан бери 473-орундан жылбай турабыз”, - дейт Уланбек Абдрахманов.
Демек, чын эле Уланбек Абдрахмановдун 4 эм төрөлгөн баласына Өкмөт тарабынан берилген үй жең ичинен жеңелерге берилип кеткен эмеспи деген ой кетет. Тийиштүү мекемелер Абдрахмановдордун үй-бүлөсүнө бир көз жүгүртүп койсо...
Байланыш телефондору: 0558 40 33 03
Булак: NazarNews.kg