www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадимки чырмооктун ден-соолукка пайдасы

Чырмооктун пайдалуу жактары: Заара, өт айдайт, заараны жакшы жүргүзөт. Лихорадкага, ооруну басаңдатканга, организмдеги токсиндерди чыгарууга пайдаланса болот. Уулуу болгондуктан дарыгердин көзөмөлүндө пайдалануу керек.

Чырмооктун сабагынын составында:

Витамин А - көздүн көрүүсүнө жакшы, витамин С - иммунитетти көтөрөт, организмдеги вирус, бактериялар менен күрөшүүсүн күчөтөт, жүрөк-кан тамыр ооруларынын айыгышына жардам берет, беттеги бырыштарды кетирет.

Витамин Е - организмди күчтөндүрөт, ракка каршы профилактика болот. Өт менен боорду дарылоодо өсүмдүктүн жалбырагынын, сабагынын ширесин сыгып алып, 1 күндө 3 маал тамакка чейин 50 гр ичет.

Сифилис менен ооругандарга, айыз ортосундагы, төрөттөн кийин кан кеткенде, 1 кашык кургатылган чөпкө 1 стакан сүттү куюп, акырындап кайнатуу керек. Бир күндө 4 жолу 10 күн ичүү керек.

Астманы дарылаш үчүн - 1 чоң кашык кургатылган чөптү. 200мл сууга кайнатып, тамактан кийин 4 маал 50 грдан ичет. Жаңы үзүлгөн жалбырагын жакшы кесилген жерге, жараларга танып койсо тез айыгат. Чырмоок боюнда бар, бала эмизген аялдарга болбойт.

Дарыгер Ташбү Каразакова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости