www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башталган жыл кээ бирөөлөр үчүн кубанычтуу болсо, бираз муңайым тарта түшкөндөр да болду. Президенттик аппаратта башталды кадрдык жылыштыруулар. Эки жылдан бери биринчи болуп жүргөн Толгонай Стамалиеванын зоболосу төмөндөдү. Анын ордуна Мансурова отуруп калды. Буга ичи чыкпагандар ачык эле чийки кадрды алып келишти деп кыңк-мыңк этишти. Чамасы башка кадрды күтүшсө керек. Ырасын айтканда ... Кыйладан бери ЭлТР де былк этпей отурган Айбек Мусаевди да арызын жаздырып тындырышты. Негизи ал өзүм билемдик кылбастан иштеп жүргөн. Антсе да анын ордуна анчалык журтчулукка таанымал эмес бирөөнү коё салышты. Аты да эсте жок, жаза салалы десек. Айтор, дагы кимдер жылмышаарын күтө туралы. Мамлекетте реформа жасоонун амалы кыймылдап турбаса болбойт да...
Булак: “Ачык сөз”