www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кош бойлу келинди 8 саат боюу  жөө көтөрүп келген даарыгер, энени аман алып калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка каранганда, Индиянын Одиша штатында жаш дарыгер Радхешьям Жена,   жардамчылары менен төрөттөн кансыраган аялды 8 саат бою санитардык көтөргүч (носилка) менен ооруканага жеткирип, өмүрүн сактап калышкан.

 Даарыгер жергиликтүү тургундарга шал оорусуна (полиомиелит) каршы вакцина жүргүзүү үчүн Одиша штатындагы алыскы тоолуу айылга барган. Ал жактагы, ай күнү жетип калган келин, эгиз бардардын төрөлүшүн күтүп турган. Бирок, бир баласы жарыкка келгенден кийин аял көп кан жоготуп, абалы начарлап кетет.

Радхешьям Жена аны тез арада ооруканага жеткириш керектигин түшүнүп, жардамчылары менен тоолуу айылдын жалгыз аяк жолу менен аялды медициналык көтөргүчкө салып жөнөшөт. 8 киши 8 саат дегенде 30 чакырым жолду басып өтүп, кансыраган аялды ооруканага жеткиришкен.

Тилекке каршы,  көп кан жоготкон келиндин экинси баласын сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Бирок энени аман алып калышкан.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости