www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Принц Чарльз жана анын уулу Уильям ханзаада Гарри менен анын жубайы Меган Марклды кайра Улуу Британияга алып келүүнү көздөп жатышат. Бул тууралуу The Times басылмасы өздүк булактарына таянып, жазып чыкты.

Ханзаада Гарринин атасы Чарльз жана агасы Уильям падыша үй-бүлөсү герцог менен герцогиняга Улуу Британияда репортерлор сүрөткө тартып, тынчын албай турган жашоо шартын түзүп бере аларын билдиришти.

“Падыша сарайында Гарри менен анын жубайы Меган Марклдын тагдырына кабатыр болуп жатышат. Эгер жубайлар кайра кайтып келүүнү каалап калса деп, иш аракеттердин планын ойлоп жатышат”,-деп басылманын булагы билдирген.

Учурда герцог менен герцогиня Канадада баасы 14 миллон доллар турган Mille Fleurs виллада жашап жатышат. Чет өлкөлүк маалыматтар боюнча аларды журналисттер аңдып, үйүнүн жанынан чыкпай кайтарып турушат.

Ханзаада Гарри Улуу Британиядан 20-январда чыгып кетип, канадалык Венкувер шаарына жубайы менен баласына келген.

Белгилей кетсек, 8-январда ханзаада менен жубайы Меган Маркл падыша үй-бүлөсү менен байланыштырган кызматты бошотууну жана финансы жактан көз карандысыз болууну кабарлашкан. Букингем хан сарайы аларды падыша титулунан ажыраткан.

Ханзаада Гарри менен Меган Марклдын падыша бийлигинен баш тартуусун падыша үй-бүлөсү үчүн чоң кыйроо деп аташты. Скандал британиялык монархиянын аброюна да сокку урду. Мындан сырткары, эми падыша үй-бүлөсүнүн жогорку даражалуу мүчөлөрүнө көбүрөөк иш-чараларга катышууга туура келет.

Эске салсак, 20-январда ханзаада Гарри титулдан баш тартканына кайгырып жатканын билдирген. Герцог ханышага жана Улуу Британияга кызмат кылгысы келгенин, бирок аялынын жана баласынын кызыкчылыгы үчүн ушундай жолго барууга туура келгенин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости