www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кандай өңүттөн карасак да баары бир көзгө көрүнүп, кулакка угулуп турган нерсени жашырууга мүмкүн эмес. Кыргыз саясий айдыңында дагы бир каарман пайда болду. Ал болгону жыйырмадан эми ашканы менен саясаттын казанын боркулдатып койгонго жетишти. Устаты катары Алмазбек Атамбаевди санаган Темирлан Султанбековдун дүбүртү катуулап баратканы чын.

Анын жанында тиштүү саясатчылар шоона эшпей калды дегенге чычалабай деле койсоңор болот. Канткен күндө да саясатта ушул ысым пайда болгону кашкайган чындык. "Ыйлаак бала" атка конгон Темирлан өзүнүн билимдүү, тил билгич, ийкемдүү экенин коомчулукка айгинелеп жатат дегенге негиз бар. Ал жалтанбаган мүнөзү менен баш прокурордун да мазесин кетирүүгө баамы жетти.

Келтирген аргументтери далилдүү, так экендигине кимде болсо да ишеним пайда болгону бекерден эмес. Англис, орус тилдеринде көргөн түшүңдү айтсаң чечмелеп берерине шек жаралбай калды. Жаштыгына карабай акылдуу багыттары аркылуу элге сиңимдүү болуп баратат. Келекелеп күлгөндөр, сын таккандар кыйын болсо "сөз эрөөлүнө" чыгып көрүшсүнчү? Анте алышпайт, болгону алар үйдө баатыр атка конгондор. Авангард партиянын катарына кошулуп, бүлүнтүүгө болгон аракетти токтотууга бүткүл ниетин, кубатын бурган бул жигиттин досунан душманы көбөйөөрү турган иш.

Себеби, саясатта дос деген болбойт, кызыкчылык гана өкүм сүрөт. Ошентсе да кайратынан жанбай, кыйынчылыкка тике карап, күрөшө берерине партиялаштары ынанып турушат. Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт демекчи, арийне анын жолуна "тикендүү зым" коюга ашыккандар да четтен чыгаары белгилүү. Бирок, элдин таразасына салынган азаматтарды сактап калууга ниетин бургандардын катмары калың болоруна ишеним бекем.

Д.ЖОЛБОРСОВА

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости