www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев Башкы прокуратуранын анын атасына жана жакындарына тиешелүү камакка алынган 120 мүлк боюнча маалыматын «элди адаштыруу жана фейк» деп баалады.

Ал «Фейсбуктагы» баракчасына: «Алмазбек Шаршеновичке жана анын үй-бүлөсүнө таандык делген 120 мүлк боюнча кайрылуу жасап коёюн. Биздин үй-бүлөбүзгө жазылган мүлк бизге тиешелүү эмес. Массалык маалымат каражаттарына жарыяланган фейк маалыматтарды бийликтин кара пиары деп эсептейбиз» деген Кадырбек Атамбаев.

Ал прокуратура көрсөткөн 120 мүлктүн 101и Алмазбек Атамбаевге жана анын үй-бүлөсүнө да таандык эмес экенин, ал эми «Кыргызавтомаш» 2007-жылдан бери аларга тиешелүү эмес экенин билдирди. Ошондой эле Башкы прокуратура алардын атына 1996-жылы эле сатылып кеткен үйлөрдү да жазып койгонун кошумчалаган. Андан тышкары алардын бир гана банкта 2002-жылы ачылган эсеби бар экенин, «Апрель» телеканалынын эч кандай банк уячасы жок экенин жазган, деп "Азаттык" жазып чыкты.

Эске салсак, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге козголгон кылмыш ишти тергөө иштеринин алкагында анын мүлктөрү, баалуу кагаздары, акциялары жана эсептери камакка алынган. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы, 16-августта камакка алынган мүлктөрдүн тизмесин жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости