www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биздегидей эркиндикти бир да өлкөдөн көрүүгө мүмкүн эмес. Маселен коңшу өзбектер, тажиктер, түркмөндөр эч убакта салпылдап эле митингге барабыз деген адаттан сырткары. Анткени алардын маселесин баары бир мамлекеттик башчылар чечмейинче ашыкча кыймылга барышпайт. Ошондуктан бизге окшоп аларда Баш мыйзам улам эле өзгөрө бербейт.
Негизинде Конституцияны алтын тамгаларга чылап жазып койсоң да иштебейт. Анын керек болсо бир барагын окубагандар басымдуулук кылат. Тың чыкмалар эле барактаган сайын бирдемкесин таап чыгып кокуйлай бергенди жакшы көрөт. Тилекке каршы карапайым адамга чала жан мыйзам эмес бакубат жашоо зарыл.
Акыркы кезде митинг дегендерден эл жадап бүттү. Күндө эле ак үйдүн тегерегинде, Жогорку соттун алдында, Горькийдин эстелигинин жанында, базарларда митинг өтүп жатканын байкоого болот. Жадегенде Бишкек-Ош жолунда жонуна плакат байланып алган аялдарды көрүүгө болот. Эми бул да айла кеткендеги колдонгон ыкмага окшоп калды. Бийликтин мерездигинен, териси калыңдыгынан, тоотпостугунан, кемчилигинен улам карманган жол митинг болуп калганы өкүнүчтүү. Аттиң, майда-чүйдө маселеге буруп, же бирөөнүн эле кызыкчылыгы үчүн митинг кыла берүүдөн майнап чыкты беле? Ошондуктан мамлекеттик маанини камтыган митингдерди жалпылап колдосок чоң утушка ээ болобуз. Маселен, бийлик канча ыйынса да эми көлдө уран каздырууга чамасы жетпейт. Мына ушундай элдик толкундоолор туура эмес кадам жасалган сайын болуп турса өлкө башчылары жосунсуз чечимдерди өзүм билемдик кылып кабыл ала албай калат. Болбой эле жалгыздап ак үйдүн алдына чыгып алуудан ылайым оолак бололу.
Булак: Ачык сөз