www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чейрек кылымдан бери карай Кумтөрдүн тегерегиндеги көйгөйдү жайгара албай мазебиз кеткени калп эмес. Качантан бери жармашып келаткан оор маселени деги кайсыл келген президент чечти эле деген суроого эч кандай жооп болбойт. Анткени биротоло чиеленишип калган бул проблеманы оң тарапка салып берүүгө бир да эл башчы жараган эмес. Азыркы ажонун деле колунан бул ишти жайгара салуу келет дештин өзү нонсенс. Ошондуктан көндүм болуп калган системалар сааттай болуп чыкылдап иштей берет.

Учурда өтө омоктуу маселе келип чыкты. Кайрадан эле касиеттүү көл жергесинде уран казчубуз деген кооптуу кадамдар ташталганы карапайым элдин жүрөгүн титиретти. Ансыз да мөңгүлөр кертилип, элге кесепети тийгенин неге эстен чыгарышыбыз керек? Ошол жүздөгөн тонна алтындын деги калкыбызга пайдасы тийдиби? Жок. Анын үзүрүн жалаң “мите курттар” көрүштү. Азыр да таманын соргон аюудай болуп алтынга оронгондор бар. Бирок, алардын кылын да кыйшайта албай эсибиз ооп турабыз. Эми болсо Кызыл Омполдон уран казып жыргайбыз деген шылуундар өкмөттүк комиссияга таянып турган кези. Бир ууч тойбостордун, эпчилдердин жетегине бул ирет алынбашыбыз керек деген демилгенин жаралышы абдан туура. Чынында эле мамлекеттин негизги тиреги эл экени чын болсо бийликтин лөктөрү түзүлгөн келишимден баш тартышы кажет. Антпесе кырдаал өзгөрүп кетиши ыктымалдыгын баса белгилей кетели. Уранды казууга каршы чыккан элдин түрүнөн коркуп өкмөт убактылуу изилдөө ишин токтотууга мажбур болду.

Негизи калкыбыздын тилеги-туруктуу өлкөдө жашоо, зыяндуу амалдардан четте болуу, бөйрөктөн шыйрак чыгарбоо экени талашсыз. Бийлик болгону элдин каалоосун аткарууга милдеттүү десек аша чапкан болбойбуз. Бизге туризми өнүккөн, элине жарыгы тийген, тоолору казылбаган, бүтүн, кереметке чулганган Ысык-Көл маңдайыбызда болушу талапка ылайык. Ошондуктан биз жергебизди бүлүнтпөөгө, тонотпоого, сулуулугуна доо келтиртпөөгө тикебизден турууга чакырылганбыз! Биз болбосок, ким келип табигатыбызды сактап берет?

Булак: Ачык сөз

Последние новости