www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Илгери колунда байлыгы бар бай,манаптарды жаңы заман келгенде колу,бутун байлашып сүргүнгө айдаганы боюнча майда балдар билбей деле калышты. Анткени тарыхтан кабары жок. Ушул тапта бийликти колуна имерип алып, партия түзүп, лидер болуп же болбосо өкмөт башчылык тактыга отургандарды камап салуу жөрөлгөсү уланды. Ошолордун баары өзүн саясаттан куугунтук жегендердин катарында санашканы калп эмес. Көрсө бийликтин чылбыры колуна тийгендер коогалаңдуу ушул жолго айла жоктон барышат экен.
Алмазбек Атамбаевдин башкаруусунда түрмөгө түшкөндөрдүн көбү азаттыкка чыгышып, өз вазийпаларын аткарууга кызуу киришишти. Ал эми тишин “илибоюна” кайраган Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары митинг уюштурса да иши 3-майга жылдырылды. Садыр Жапаровго деле азырынча жылуулук тийбей турганы маалым болду. Экөөнө бириккенде миңге чукул киши топтолду. Анчалык деле ажиотаж болгон жок деп койсок жетиштүү. Былтыр ЖЭБдин аркасы менен камалгандардын болсо алгачкы соттук жыйынтыгы чыгарылды. Калгандарынын соттук иши кандай өңүттө уланарына көз салып туралы. Кызык, диплом алып, чоң кызматка жайгашып, этегинде камалып кетем деп Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Салайдин Авазовдор түшүндө да көрбөсө керек. Икрамжан Илмияновдун, Дүйшөнбек Зилалиевдин эми чекесине “зэк” деген эн тамгасы түшүрүлөбү?
Кезинде булардын алдынан кесе өтө албагандар түштөн кийин артынан кемшеңдеп калышарын булар ойлошту беле? Аттиң, турмуштун ачуусуна кабылганда башка нелер гана келбейт...
Булак: Ачык сөз