www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайгуул кызматы кайра жанданабы?

Буга чейин кайгуул кызматы катуу сынга кабылып, иштен четтетилип, жаңыча ишти башташканы баарыбызга маалым. Бирок, туура эмес ойлонулган иштин натыйжасы эч тыянак бербеген соң, кайгуул кызматын кайра жандандырышкан. Арадан аз убакыт өтпөй  анда иштеген МАИ кызматкерлери экинчи жолу сынга кабылып, бул сапар дагы туура эмес багытта иш алып барышып, тактап айтканда бышпаган иштин кесепетинен кайгуул кызматын дагы иштен четтеткен.

Эми минтип дагы иш жүрүшпөй калган соң, экинчи жолу кайра кайгуул кызматы жанданмай болду. Жанданарын жанданат, бирок кайгуул кызматынын бул жолку өмүрү узунбу же дагы орто жолдон бир билерман чыга калып, иштеп жаткан кайгуул кызматына бут тособу маселе мына ушунда.

Себеби, биздин билермандар толук ойлонбой эле ишти баштап алып, кийин өкүнүп калган адатка айланбадыбы. Эми кайгуул кызматы кайра жандана турган болсо мындан ары бул маселеге кайра кайрылышпаса болду.

Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости