Кыргыз Республикасынын Президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичке Булан институтунан КАЙРЫЛУУ
Урматтуу Президент,
Булан институту мектепте билим берүү системасындагы топтолуп келаткан көйгөйлөрдү терең иликтеп, баяндамаларды жарыялап келаткан изилдөө институту катары мектептерде, айрыкча айыл жергесиндеги мектептердеги көкөй кескен маселелер тууралуу сизге ушул сунуштарды жолдойбуз.
Учурда мектептердеги көйгөйлөр тез арада чечилбесе, мектепте билим берүү системасы келерки 10-15 жыл ичинде кыйроо алдында турат. Жаш жеткинчектер мектепте татыктуу билим ала албаса, келечектери бүдөмүк болору талашсыз. Андыктан мамлекет мектепте сапаттуу билимди камсыз кылышы үчүн балдардын Конституцияда жана тиешелүү мыйзамдарда каралган билим алууга укугун толук камсыз кылуу милдеттерин толук аткарышы зарыл. Анүчүн мамлекет башчы катары төмөнкү маселелерди мамлекеттин стратегиялык багыты катары тез арада чечилишин колго алышыңызды суранабыз.
Мектептердин имараттарынын коопсуздугу жана жаңы мектептерди куруу жөнүндө:
- Учурда республика аймагында мектептерде окуучуларга орун жетпейт. 2005-жылдан бери калктын саны 1 миллионго өсүп, 15 жашка чейинки балдар калктын 39% ын түзөт. Ал эми учурда республика боюнча мектеп жашындагы 1 миллион 175 миң 780 бала бар болсо, азыркы мезгилде мектептердин жалпы сыйымдуулугу 600 миң гана орунга ылайыкталган. Демек, мамлекет жаңы мектептерди курууну шашылыш колго алышы керек. Биздин эсеп боюнча, кошумча 200 жаңы мектеп керек. Себеби, башкалаада айрым мектептер үч же төрт сменде окутуп, бир класста 40тан 55ке чейин окуучу окуп атат. Ушундай шартта мугалим окуучуга окуу программасын толук жеткире албагандыктан мектептеги билим сапатына терс таасирин тийгизүүдө.
- Учурда республика аймагындагы мектептердин 60%ы 1980-жылга чейин салынган. Мисалы, 32 мектеп 1930-1940-жылдар аралыгында салынып, эскилиги жетип дубалдары араң турат. Республика боюнча авариялык абалдагы мектептердин саны ырасмий 192 делген менен турмуш жүзүндө андан бир кыйла көп, себеби Өзгөчө кырдаалдар министрлиги абалы оор болсо да көпчүлүк мектептерге авариялык абалда деп бүтүм чыгарган эмес. Андыктан, 2260 мектептин жарымынан көбү кайра курууга же капиталдык ремонтко муктаж. Мамлекет шашылыш түрдө мектеп курулушуна кошумча финансылык булактарды табышы керек, анын ичинде коррупциялык иштерден конфискация болуп, атайын банк эсепке кайтарылган каражаттарды да бул багытка жумшоо жагын караштыруу керек. Андан сырткары Кыргызстандагы бай жана ишкер адамдарды жана бизнесмендерди мектеп курууга тартууга, аларга салыктардан жеңилдик берүү өңдүү мамлекет менен шериктештикти сунуштоо керек.
- Соңку он жыл ичинде үч жүздөн ашык жаңы мектеп курулду. Бирок, тендерлер калыс өтпөй, сапатсыз курулуш материалдары алынып, жаңы курулган мектептер балдар 1-сентябрда кирип окугуча эле полдору чирип, шыптары түшүп атат. Мектеп курулушундагы коррупциялык иштерди кайрадан текшертип, тергөө амалдары жүргүзүлүп, күнөөлүүлөр жазаланбаса мектеп курулушундагы коррупция улана берет.
Мектеп мугалимдеринин социалдык абалы тууралуу:
- Мектеп мугалимдеринин эмгек акысын татыктуу өлчөмгө жеткирүү үчүн учурдагы айлык саноо механизмин кайрадан карап чыгуу керек. 2011-жылдан бери мугалимдердин айлыгы эки ирет көтөрүлдү деп ырасмий айтылып келгени менен айлыктын жогорулатылышы менен катар киргизилген педагогикалык саат саноо механизми өзүн актаган жок. Ошондуктан мурдагы Бирдиктүү тарификациялык торчо системасына кайтып, мугалимдер 20 миң сомдон жогору айлык алуусун мамлекет камсыз кылышы керек. Билим берүү жана илим министри Г. Кудайбердиеванын 2018-жылы январда чыгарган буйругунун негизинде быйыл сентябрдан баштап үч миңден ашык мугалим жумуштан бошотулду. Бул туңгуюк кырдаал министрлик жана өкмөттүн түздөн түз күнөөсү болуп саналат. Себеби, мугалимдердин эмгек акысын педагогикалык саат менен саноо механизмин киргизип атканда канча саат минималдык босого болору бекитилген эмес. Министр кырдаалды эми гана жөнгө салыш үчүн буйрук чыгарып, аз саат менен иштеп аткан мугалимдерди жумуштан бошоттурууда. Аттестация өткөрүп, кесипкөй жана тажрыйбалуу мугалимдерди алып калуунун ордуна башаламандык менен жумуштан алуу учурда мугалимдер арасында нааразычылыкты күчөтүүдө жана коомчулукта социалдык чыңалууга алып келет.
- Мектеп мугалимдери үчүн мыйзамдарда каралган социалдык кепилдиктер мамлекет тарабынан толук аткарылбай келатат. Мугалимдин статусун жогорулатуу үчүн ошол кепилдиктерди жакшыртуу керек жана алардын аткарылышын камсыз кылуу зарыл. Учурда мугалим жада калса ден-соолугун бекер текшерте албайт, ал эми мыйзамда жылына бир жолу бекер текшертүү каралган. Ал эми мыйзамда каралган ден-соолукту чыңдоо үчүн санаторий жана пансионаттарга жолдомо бир мугалимге кезеги 20 жылда бир жетип атат. Ошондуктан мугалимдердин мамлекеттик кесиптик кошуунун жоюп, ар бир мектеп өз алдынча кесиптик кошуун түзүп алышына, аны өз алдынча иштетишине жол ачылышы керек.
- Мектеп мугалимдери үчүн турак-жай курууну баштай турган мезгил келди. Буга чейин укук коргоо жана атайын кызмат органдарына үй курулуп, ачкычтары тапшырылып келди. Мамлекеттин коопсуздугун жана улут уңгусун сактоодо ириде агартуучулардын ролу зор. Андыктан мектеп мугалимдери үчүн дагы мамлекет турак-жай куруп, ал эми айрым шаарларда жаш мугалимдер үчүн жатакана курулушу абдан зарыл.
- Мектеп мугалимдерин жергиликтүү бийликтин басымы астында окуу процессине тиешеси жок иштерге мажбурлоону токтотуу керек. Айлыктары аз, социалдык абалы начар, коомдун аялуу катмары болуп турганы аз келгенсип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мугалимдерди шайлоо өнөктүгүндө бийликтин кызыкчылыгы үчүн пайдаланып келатканы коомчулукка дайын. Шайлоо алдында мугалимдер үйлөрдү түрө кыдырып, маалымат топтогон жана добуш берүүгө үндөгөн бийликтин “аскерлерине” айланат, эгер антпесе коркутуп-үркүтүүлөр болот. Ошондой эле акимдер мугалимдерди көчө шыпыртып, таштанды чогултууга мажбурлаганы кадыресе көрүнүшкө айланды. Мисалы, 23-августта Ысык-көл облусунун Корумду айылында мугалимдерди шашылыш чогулушка келгиле деп чакырышкан. Жергиликтүү бийлик аларды айылдын көчөлөрүн шыпырууга жана чоң трассанын боюндагы таштандыларды тазалоого мажбурлаган. Бул бир гана мисал. Урматтуу президент, агартуучуларды шайлоолордо пайдалануу, күчтөп кара жумуштарга тартууну жана көчө шыпыртууну токтотуу керек. Губернатор жана акимдер мугалимдерди кара жумушка чыгарбаган директорлорго “начар иштейт” деген жарлык тагып, аларды опузалашат. Мамлекет мектеп мугалимдерине татыктуу айлык бербесе, кастарлап сыйлабаса мамлекет өнүкпөйт. Мектеп мугалимдери жада калса бир жылдык эмгек өргүүсүндө да эс албай, көчө тазалоо иштерине тартылганы мамлекет үчүн уят көрүнүш.
- Учурда републикада ар бир жетинчи мугалим –пенсияга эчак чыккан мугалим. Мугалимдер пенсия өлчөмүнүн өтө төмөндүгүнө, улгайганына жана салматтыгынын начарлаганына карабай мектепте иштөөгө мажбур. Мектеп мугалимдери пенсияга чыккандан кийин татыктуу жашашы үчүн мамлекет пенсиясын тез арада көбөйтүшү зарыл.
- Ошол эле учурда азыр мектептер улуу муундагы мугалимдердин билимине жана насаатына муктаж. Өлкөдө педагогдорду даярдоо жана окутуу системасы аксап, туңгуюкка кептелди. Бир жагынан мугалимдердин айлыгы аз болгондуктан күчтүү жаштар бул кесипке баруудан качат, ЖРТдан төмөн бал алгандар гана педагогикалык факультеттерге барууда. Ал аз келгенсип, дистанттык окуу деген ыкмага Кыргызстандын шарты туура келбесе да киргизип алганбыз. Айылда компьютери жана интернети жок болсо да дистанттык ыкма менен диплом алып алган мугалим турмуш жүзүндө кыпындай да билим албай туруп дипломго ээ болуп атат. Мамлекеттик деңгээлде педагогикалык билим берүү системасын күчтөндүрүү зарыл. Анүчүн педагогикалык факультеттерди ирилештирүү аркылуу санын азайтуу жана дистанттык окуу бөлүмдөрүн жоюу керек.
- Мектеп ремонтун мамлекет толук моюнга албаса, мугалимдер ремонт жасоонун түйшүгүнөн чарчашты. Мектеп администрациясы ремонтко зарыл материалдарды сурап райондук билим берүү бөлүмүнө кат жазат, ошол керектүү материалдын 20%ы гана келет. Аны болсо жергиликтүү бийлик тендер өткөрүмүш болуп туруп, курулуш материалдары акиташ жана сырлардын эң сапатсыз жана арзанынан алып беришет. Мектеп директорлору шылдыраган суудай болгон сыр менен мектеп полун сырдай албай аргалары куруйт. Анан кайра ремонтко акча издемей башталат. Учурда ремонтту жасоо да мамлекет мугалимдердин мойнуна жүктөлгөндүктөн жай бою класстарды өздөрү акилеп жана сырдап чыгышат. Ушундай кумурскадай эмгек кылган мугалимдерибиз учурда татыктуу айлыкка жетпей, мугалимдин статусу күндөн күнгө төмөндөп баратат.
Урматтуу Сооронбай Шарипович, ушул көйгөйлөрдү чечиш үчүн Коопсуздук кеңештин билим берүүгө арналган атайын жыйынын чакырып туруп, мамлекеттик стратегиялык багыты катары белгилөө менен мектеп көйгөйлөрүн чечүү үчүн чукул чараларды кабыл алышыңызды суранабыз. Ошондой эле айылдык мугалимдер менен министрлик уюштурган формалдуу жыйындарда ырасмий жолугуп коюу жетишсиз экендигин, алардын үнүн угуш үчүн бетме-бет жолугуу зарылдыгын белгилейбиз.
Урматтоо менен, Булан институтунун эмгек жамааты
Булак: NazarNews.kg