www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индиянын Уттар-Прадеш штатында кайненесине нааразы болгон күйөө бала тойду токтотуп койгон. Бул тууралуу India Times басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, кыз менен күйөө үйлөнүү үлпөтүнүн алдында бардык керектүү ырым-жырымдарды жасашкан. Майрамдык салтанат 27-июнда Самбхал айылында өтмөк. Бирок ал жерге туугандары менен келген күйөө бала кайненесине катуу таарынган.
Расмий бөлүктүн башталышын утурлай коноктор бийлеп, тамактанып жатышканда аларга келиндин апасы кошулган. Бийлеп жаткан учурда күйөө баласы кайненесинин тамеки чегип жатканын көрүп анын бул кылыгына ачуусу келген. Ал отурган жеринен туруп тойду токтотуп туугандары менен кетип калган.
Үй-бүлөлөрдүн ортосундагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн Түштүк Азиянын чакан конуштарында өзүн-өзү башкаруу органынын милдетин аткаруучу аксакалдар кеңеши өткөн. Кеңештин мүчөлөрү маселенин чечилишине жардам берип, күйөө баланы келиндин жакындары менен элдештирген.
Талаш-тартыш чечилгенден кийин кайра үйлөнүү үлпөт тою болгон-болбогону белгисиз.
Булак: NazarNews.kg