www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

18-августта Борбордук шайлоо комиссиясы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерге шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү шарттарын бузгандыгы үчүн эскертүү берди.

БШКнын маалыматы боюнча, буга чейин талапкер Лейла Саралаеванын ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкеримов Б.Т.дан арыз келип түшкөн, анда талапкер Турсунбай Бакир уулу Бакаев-Гагарин жана Асаналиев-Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде үгүт материалдарын – баннерлерди орноткондугу айтылган. Арыз ээси талапкер Т.Бакир уулунун аракеттеринен мөөнөтүнөн мурда үгүт иштеринин белгилери байкалгандыктан, ага мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

14-августта Жумушчу топтун мүчөлөрү аталган дарекке барышып, 2023-жылдын 28-майында Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жасалган Т.Бакир уулунун «№29» деген үгүт баннерлерин аныктап, тиешелүү акт түзүшкөн.

Арызды кароонун жүрүшүндө талапкер аталган жайдын менчик ээлери менен ижара келишими боюнча милдеттенмелерине карабастан, аталган үгүт баннерлерин демонтаждоодо каршылык көрсөткөндүгү аныкталган.

Т.Бакир уулу 2023-жылдын 7-августундагы чечими менен кайра шайлоодо Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп катталган.

Демек, акыркы шайлоо өнөктүгүнөн жайгаштырылган үгүт материалдарында 2023-жылдын 10-сентябрына белгиленген кошумча шайлоого катышып жаткан талапкер Т.Бакир уулунун пайдасына үгүт иштеринин тике белгилери бар.

Арызды карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы:

1) талапкер Бакир уулуна шайлоо өнөктүгүнүн шарттарын бузгандыгы үчүн эскертүү берди жана көрсөтүлгөн үгүт материалдарын 24 сааттын ичинде жок кылууга буйрук берди.

2) «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 27-беренесинин 5-бөлүгүнүн талаптарынын аткарылышы жөнүндө Бишкек шаарынын мэриясына үгүт материалдарын өз убагында демонтаждоо боюнча билдирүү жөнөттү.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 16-июнунда Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан 2023-жылдын 28-майында өткөн Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган.

“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 27-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык: "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоонун жыйынтыктары жарыялангандан кийин 10 календардык күндүн ичинде тиешелүү аймактарды үгүт материалдарынан тазалоону камсыз кылууга милдеттүү", - деп жазылган.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости