www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сауд Арабиясынын Мекке шаарында ылдамдыгы 80 км/сааттан ашкан шамал адамдарды бутунан кулатып, оор металл конструкцияларын оодарып кетти. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
"Ыйык борборду соккон шамалдын ылдамдыгы 80 км/сааттан ашты", - деп жазды Сауд Арабиянын Улуттук метеорологиялык борборунун өкүлү Хусейн ал-Кахтани X (мурдагы Twitter) баракчасына.
Жергиликтүү маалымат каражаттары тараткан видеотасмаларда Сауд Арабиянын жарандары жана чет элдик зыяратчылар күн күркүрөгөн катуу шамалдан улам учуп кеткенин көрүүгө болот. Бороон ошондой эле көрнөк-жарнактарды, металл конструкцияларды жана таштанды челектерин талкалады.
Аба ырайынын начарлашынан улам Мекке провинциясынын бийликтери социалдык тармактарда өз кезегинде падышачылыктын мектептеринде, колледждеринде жана университеттеринде сабактарды дистанциялык форматка которууну жарыялашты.
Булак: NazarNews.kg