www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Жан багуу үчүн тентип өз денемди сатпай, мен дагы көпчүлүк кыздардай үй-жайым болсо дейм", - бул таш боор адамдардын колунда оюнчук болуп калган 25 жаштагы өзбекстандык Айшанын сөздөрү. Ал өткөн жылы курбусу менен Дубайдагы сойкуканадан качып, мекенине кайтып келген. Кызга бейкапар жашоону убада кылып, 3 айга жакын сексуалдык кулчулукта кармашкан окуяны podrobno.uz сайты жазып чыкты. 

Айша 14 жашында ата-энесинен айрылган. Натыйжада ал аны жактырбаган агасынын колунда жүргөн. Бирок кезектеги жаңжалдан кийин үйүнөн качып кеткен.

"Өткөн күндөрдү эстөө кыйын. Бирок мен көчөдө калгандан кийин сойкуканага түшүп калдым, алар мени түнөгөнгө жай, тамак-аш менен камсыз кылып, анын ордуна денем менен соода кылышчу. Мен өспүрүм болгондуктан качкандан коркчумун, анткени качкандардын баарын көчөдөн таап келип, ур-токмокко алышчу. Бул бир нече жылдарга уланды. Балким, мени көптөр айыпташы мүмкүн, бирок ошол убакта артка кайтууга жол жок экенин түшүнүп, кайдан, кимден жардам сураарымды билбей калдым. Менин туугандарга да, тааныштарга да, эч кимге керегим жок", - дейт ал.

"Былтыр бир киши менен таанышып, ал мага Дубайдагы ашканага жумушка орноштурууну убада кылды. Келгенден кийин паспортубузду алып коюшту, мейманканалардын биринен бөлмө берип, эркектерге кызмат көрсөтүүгө мажбурлашты, антпесе сабап салышчу. Биз күнүнө 30га чейин кардарларды тейледик. Камалып жашап, эч жакка чыга албадык. Бөлмөлөрдө видеокөзөмөл камералары бар болгондуктан биздин ар бир иш-аракетибиз көзөмөлдөнүп турчу. Бир жолу полицияга чалууга үлгүлүп анын аркасы менен бошонуп, элчиликтин жардамы менен Өзбекстанга кайттык. Азыр мен официант болуп иштеп, жашоомду жаңы барактан баштоого аракет кылып жатам", - деп кошумчалайт Айша.

Ал курбусу менен мурдагы “кожоюндарынан” коркуп, дагы эле жүзүн жашырууга аргасыз.

"Азыр кафеде официант болуп иштейм, батирде турам. Акчам тамак-ашка, турак-жайга араң жетет. Албетте, убакытты артка кайтара алсам, мен үчүн канчалык оор болсо да, эч качан үйүмдөн качмак эмесмин. Эркек жакпай турса, акча үчүн ага кызмат көрсөтүү канчалык жийиркеничтүү экенин билбейсиңер. Көбүнчө алар тер жыттанган, кир индустар болчу. Чынын айтсам, өткөн күнүмдү эстегенди жактырбайм жана башка аялдар сыяктуу ишенимдүү таяныч болчу адамды жолуктургум келет. Мен үй-жайлуу, үй-бүлөлүү жана балалуу болом деген үмүтүмдү үзбөйм", - дейт ал.

 

 

 

Последние новости