www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чет элдик инвесторлор ассоциациясынын төрагасы менен маек.

-- “2022-жылы турсезон башкача болот” деп туризм боюнча көп иштер алдыга жылып жаткан экен?

-- Биздин эң негизги миссиябыз – туризмдин туруктуу өнүгүшүнө салым кошуу. Туризм башка тармактардын да өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Мисалы, курулуш, билим берүү, медицина, сервис секторлору ж.б. Себеби, келген туристтер канча күн эс алган болсо, ошончо күн Кыргызстанга акчасын коротот: мейманканасына, ичкен тамагына, түшкөн транспортторуна төлөйт.

Биз ушуну уюшулган секторго айландырып, туризм жаатында жигердүү иштерди алып кетүү иретинде иш жүргүзүүдөбүз. Биздин миссиябызга жетүүгө үч максатыбыз бар:

1) өлкөгө туристтердин агымын көбөйтүп, чет өлкөдөн уюшкан топторду алып келип, туристтик операторлорго жол ачуу;

2) туристтик, инфратуристтик мааниге ээ улуттук деңгээлдеги долбоорлорду иштеп чыгып, инвесторлорду таап, инвестиция капиталын тартуу, жаңылатуу;

3) мамлекет менен бирге мыйзам талаасын жакшыртып, шарттарды түзүп, туристтердин кирип чыгышын жеңилдетип, “Жибек Жолу” турпакеттерин уюштуралы деген ниеттебиз.

-- Силер менен туризм департаментинин кандай айырмасы бар?

-- Биз жаңы уюшулдук. Иш баштаганыбызга үч ай боло элек. Бул аралыкта эки мамлекетке бардык. Мисалы, Араб эмираттарында Кыргызстан тууралуу тааныштырып, 15 мүнөттүк видеороликти англис тилинде көрсөттүк.

Бүгүнкү күндө натыйжаларга жетишип, кызыгуулар туулду. Биздин роликти араб тилине бекер которуп, телекомпанияларынан көрсөтмөй болушту. Жакында онлайн түрүндө инфотур өтөт. Эмираттын журналисттери чогулат.

Биз аларга Кыргызстан тууралуу айтып беребиз. Жакында атайын делегация келип кетти. Кызыгуулар пайда болууда. Алардын Кыргызстан тууралуу такыр маалыматтары жок экен. Биз маалыматты кеңири таркатуу иштерин аткарып жатабыз. Экинчи мамлекет – Индия.

Ал жакта дагы туропреаторлорду чакырдык, 80-90дой адам катышты. Нью-Делиде жана Мумбайда болду. Ал жактагы өнөктөшүбүз “жылдын аягына чейин он миңге чейин туристтерди тартабыз” деп сөз берүүдө.

Биз барганда эле 400дөй киши турпакеттерди сатып алууга ынтызар болушуп, учурда келгенге камданып жатышат. Бул жүз миң долларлык рынок. Мындан тышкары, Индия рыногу бизге кинематография секторуна да кызыгып, бул жактан ролик тартуу ниеттери бар экен.

Биз аларга кыргыз жаратылышын, кооз жайларды көрсөтөбүз. Учурда кинематографисттер ассоциациясы менен сүйлөшүүдөбүз. Эки жарым ай ичинде ушундай натыйжаларга жетиштик. Андан тышкары, Кыргызстандын ичинде дагы бизнес форумдарга катышуудабыз.

Азыр санаторий-курорттук мекемелерди иштетели деген максатта Македония, индиялык топтор менен кызматташып жатабыз. Жакында келишет. Булардан тышкары, Россия, Чехия менен да сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Буюрса, бул максаттарыбыз иш жүзүнө ашса, реконструкция, жаңылатуу же болбосо жаңы бир потенциалы, табигый дары чөбү, минералдык ысык суусу бар жерлерге жаңы санаторий курдуруп, Кыргызстандын туристтик сезонун төрт мезгилге созолу (!) деген тилектебиз.

Булак: Азия News гезити

Последние новости