www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргызстан элинин биримдиги, достугу урагыс чеп экендигин дагы бир ирет тастыкталды», - деди бүгүн, 20-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине журналист Калдарбек Койлубайтегин.

- Президенттин кечээги кайрылуусун бири туура кабыл алса, айрымдар сындай баштады. Президент көзүнө жаш алып, жосунсуз жорук жасадыбы?

- Негизгиси президент ыйга батып, көздөн жаш томолонуп жаткан кезде элге чукул кайрылып, шейит кеткен баатырларыбызга, алардын ата-энелерине, журтташтарына көңүл айтып, жөлөк болгону, баскынчылардын кесепетинен жүрөктөр тилинип, ый төгүлүп, кайгы-муң куйулуп турган кезде баарынын алдында башын ийип, таазим кылганы жүрөктү жылытты. Аны жосунсуз жорук деп деле атай албайм. Анткени, бир мамлекет, бир эл, бир президент, тутуму бир жүрөктөй сокконун ай-аалам туйду. Кыргызстан элдеринин биримдиги, достугу  урагыс чеп экендигин дагы бир ирет тастыктады президент.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости