www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Калиловдун кекиртеги кернейдейби?

Башкы прокуратура эң коррупциялашкан тармак катары Транспорт жана жол министрлигинин кызматкерлерине эчен курдай кылмыш ишин козгоду. Бирок бүгүнкү күнгө чейин козголгон кылмыш ишинин бирөө да сотко ашканын уга элекпиз. Демек, сотко жетпеген иш соода менен бүткөн иш десек жарашат. Эми өткөн-кеткенге токтолуп, эскини эске салбай эле, учурдагы болуп жаткан абалга саресеп салалы.

Мисал катары, Бишкек-Кара-Балта жолун алалы. Аралык 45 километр. Эми ушул жолго 120 миллион доллар жумшалып жатыптыр. Ошондо 1 километр жол 2,7 миллион доллардан айланып жатат. Кудайды карасаңар боло деген киши жок. Россиянын саздак жерине бетондоп, анан салынган жол дагы мынчалык кымбат эместигин адистер белгилешүүдө.

Биздин шартта эң кыйын болсо 800-1200 долларга чейин болмок. Министр Жамшитбек Калиловдун алкымы кернейдей эле экен. Коррупция менен күрөшкөн президент кайсы жакты карап жатат? Калиловдун жоопкерчилигин карабаса болбойт.

Булак: "Ачык саясат"

Последние новости