www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ырынан чыры көп, Инстаграмдагы кылыктары менен белгилүү болгон блогер Айжан Байзакова өзүнүн уулдуу болгонун айтып жар салды. Ал 1-декабрда көз жарган. 

"Мен бир көрүп суйүп калууга ишенем, бүгүн 1-декабрь биздин биринчи жолугушуу"-деп жазган Байзакова.

Буга чейин коомчулук Айжан Байзакованын кимден кош бойлуу экендигин билгиси келип ар кандай божомолдорду айтып келет.

Эске сала кетсек, Байзакова чырдан башы чыкпай ар бир жарыя кылган посттору чоң талкууну жаратат. Байзакованы "жылдыз" кылып жиберген окуясы өткөн жылы Алматыдагы клубдардын биринде болуп өткөн. Ал кыздар арасында кийим чечүү конкурсун өткөргөнү үчүн, аны казак полициясы үч суткага камап койгон. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости