www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ошто бир жума ашык жүрүп келдим. Кудайдын амири менен эки машинам тең: шектүү машине да, расслабуха да Ошко барып калды.
Ушунча болду машинелеримди ремонттотуп кетейин деп, ХБКдагы жаңы базарга бардым. Ошто мэр алмашкан сайын базарларды жылдыра бермей өнөкөт бар. Мелистен кийинки мэр да ошол салтты улап, машинанын тетигин сатчу базарды ХБКнын ордуна жылдырыптыр. Ошол жакка бардым.
СТОЛордун көбүндө өзүбүздүкүлөр. Бир кыргыз балага машинаны көргөзөйүн десем, бошобойм, ака, көрүп атпайсызбы деп мага карабай туруп жооп берди. Кийинкисине барсам анысы да коңк этип бир тийди.
Бовойт экен булар деп Калинин көчөгө бардым. Муштумдай өзбек бала чуркап чыкты машине оңдогон чуңкурдан. Шакирт экен. Устасын чакырды. Уста: «Болду, ака, бир саатта бошоп жасап койобуз. Запчасттарды да өзүбүз жакшысын койобуз. Ключту таштап кете бериң», - деди. Эртеси барсам, бардыгын жасап коюшуптур. Шектүү машинем ыраазы болду. Расслабуханы таштадым. Муну да жасагыла деп.
Иштер менен кеттим.
Айдар Бакыев, Болот Каримов, Абдулла Ташиевич досторум менен экологиянын, айыл чарбасынын глобалдуу маселелерин талкуулап, "Алайку" фирманын кымызын ичип 3 саатча отуруптурбуз. Уста өзбек чалып, машинени ошол отурган чайханага алып келип берди.
Ошентип өзбек уста менден баш-аягы 10 000 сомдой алды. Кыргыз оройлугунан улам 10 000 сомдон кур калды.
Нургазы Мусаев
Булак: NazarNews.kg