www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Боз-Учук айылынын тургуну Кенжегүл Усубалиева 21 жаштагы уулунун өлгөнүнө бир жарым жыл болсо дагы тергөө иштери аягына чыкпай жатканын айтып, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
К.Усубалиеванын айтымында, анын уулу Темирлан Алиев 1996-жылы Боз-Учук айылында туулган. Ал үй-бүлөдө 4 баланын экинчиси болчу. Мектепти аяктагандан кийин аскерге барып, 2015-жылы милдетин өтөп келген. 2017-жылдын январь айында классташ кызына баш кошкон эле.
«Биринчи жолу 2017-жылдын 8-мартында келиниме курсташ баласы социалдык тармактан кат жазып, аны майрамы менен куттуктап, жолугушууга чакырыптыр. Аны келинимдин сыр сөзү менен уулум социалдык тармакка кирип, окуган экен. Уулум Караколго жолугушууга барганда аны келинимдин курсташы таанып калып, кетип калыптыр. Бирок социалдык тармак аркылуу «бул жерде күйөөң жүрөт» деп жазып жибериптир. Эртеси белгисиз балдар уулумду жолугушууга чакырышып, алар Жолголот айылынын жээгинде жолугушат. Алардын бири уулумдун кекиртегине бычак такап, экинчиси телефондогу Т. (кат жазган курсташы) жазган жазууларды өчүрүп: «Кийинкиде башкача сүйлөшөбүз» деп кетип калышкан экен. Уулум бул окуяны классташтарына айтып, мойнундагы бычактан калган изди көрсөтүптүр», - деди К.Усубалиева.
Ошондой эле ал келини катка жооп жазбаганын билдирип, уулу айылда трактор айдап иштеп, эч ким менен урушпаган, айылдаштарынан жардамын аябаган бала болгонун айтат.
«2017-жылдын 9-июнунда уулумдун трактору бузулуп, аны короодо оңдоп жаткан. Жанында биздин өкүл балдар бар эле. Алардын айтуусунда, уулума бирөөлөр улам-улам телефон чалып, бир жерге чакырып жатышкан. Уулум телефон аркылуу 1,5 саат бирөө менен сүйлөшкөн. Анан ошол күнү кечинде Темирлан талаага барып, картошкасын карап келгенден кийин ал балдарга жолугушууга кетиптир.
Ал С. аттуу классташына барып, унаа менен жеткирип коюуну өтүнөт. Алар «Жигули» үлгүсүндөгү унаа менен 3 классташы болуп чогуу жөнөшөт. Алар менен Теплоключенка айылына келишип, ал жерден уулум жээнине телефон чалып, анын «Субару Легаси» унаасын сурайт.
Классташтарынын айтымында, ал унаанын артына мылтык салганын айткан. Теплоключенка айылынан «Жигулиден» мылтыкты алып, берки унаага салып, «бул менин маселем, силер бара бергиле» деп «Субару Легаси» менен кетип калыптыр. Бирок классташтары анын аркасынан ээрчип барышып, Каракол шаарынын кире беришинен таппай калышкан. Ошондо ал шаарга кирбей эле жолдун үстүнкү бетиндеги үрөнчүлүк чарба жакка барыптыр. Ал жерден тигил балдар менен жолугуптур. Ошондо алар уулумду өлтүрүшүп, унаага салып барып, жолдун жээгине ыргытып салышса керек. Баламдын денесин эртеси айдоочу көрүп, милиция чакырыптыр.
Өлүгү табылган жерде кан жок экен, эки метр алыста мылтык жаткан. Ошол күнү түнкү саат 23:30-00:00 аралыгында ал келиниме (аялына) кат жазып: «Мени багып алышыптыр, кечиргиле мени. Атам менен апамдан кечирим сурайм. Индира (ысымы өзгөртүлдү), сен да мени кечир. Менин эми эч кимге керегим жок, кош бол. Индира, мен сени сүйөм», - деп коштошуптур.
Ошондон бери баламдын өлүмү боюнча тергөө иштери аягына чыкпай келет. Азыр уулумдун телефонундагы сүйлөшүүлөрүнүн убактысын кагазга чыгарганда СМС келген убакыт менен распечаткада бир нече секунд айырма чыгып жатат. Мындан улам распечатканы дагы жасап койдубу деп ойлоп жатабыз.
Ошол жолугушууга барган Т. жана анын достору эле баламды өлтүрүп, анын телефонунан келиниме ар кандай СМСтерди жазышты деп ойлойм. Балам кантип эле «Мен бакма баламын» деп СМС жазсын?! Мен аны 9 ай көтөрүп, өзүм төрөсөм», - дейт энеси К.Усубалиева.
Анын айтымында, милиция уулу өзүн-өзү мылтык менен аткандыгын билдирген.
«Милиция ушул жерден өзүн-өзү аткан экен деп көргөзүштү. Бирок ал жерде кан жок. Анан өзүбүз издеп, жолдун жогору жагындагы үрөнчүлүк чарбанын имараты жайгашкан жерден бычактарды таптык. Мындай далил буюмдар табылса деле милиция бир гильза, бир мылтыкты көрсөтүп, өзүн атып өлтүрдү деп жатышат.
Мындан улам биз көз карандысыз эксперт чакырып, бир жылдан кийин 2018-жылдын 18-июлунда эксгумация кылдык. Ок башка мылтыктан атылганын жана өзүн-өзү атуу үчүн колу курокко жетпейт деп баллистикалык экспертизанын жыйынтыгы айтып жатат. Эми бул экспертизанын баарын жокко чыгарып жатышат. Ошондуктан президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, бул ишти көзөмөлдөөнү өтүнүп жатабыз», - дейт маркумдун энеси.
Мындан тышкары ал шектүү делген балдардын бири башка мамлекетте, экинчиси аскерге кызмат өтөөгө кетип, эркиндикте жүргөнүн кошумчалады.
Ошондой эле ал уулу каза болгондон кийин жолдошу Кубанычбек Урсеитов ооруп жатканын, экөө бир нече жолу ооруканага жатып чыгышканын айтып, өлкө башчыдан бул ишти көзөмөлдөп берүүнү суранууда.
Булак: "Турмуш"