www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кээ бирлердей, “бийликтин кемчилигин айтсам, сынга алсам кандай болот...” деп ойлонуп жалтаңдабайт, унчукпай калбайт. Балким, бул саясаттын бийик сересине жетүүнү каалаган саясатчы үчүн кемчилик сапаттыр. Бирок табияттан бүткөн мүнөздү, канга сиңген атуулдук сезимди эч нерсе өзгөртө албайт тура...
Башкы “ата-журтчу” Кыргызстан-Тажикстан чек ара маселеси боюнча да курч пикирин, позициясын билдирди. “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнө катышкан Камчыбек мырза жерлерди алмашуу маселесине токтолуп, кайсы жерлер алмашыла турганын кыргыз эли билиши зарылдыгын баса белгиледи. “Кыргызстан кайсы жерлерди, канча гектер жерди берип атканын элибиз билиши абзел. Тажикстандын кайсы жерлери, канча жер бизге өтүп атканын да эл билсин. Тажикстандын бизге кайсы жерлери өтөрүн билбей туруп, жерлерибизди кармата берүү - бул өлкөгө чыккынчылык кылганга тете иш”, - деди ал. Жүйөлүү, негиздүү пикир.
Чын эле кыргыз өкмөтү жерлерди алмашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө улуттук кызыкчылыктарды толук деңгээлде эске алып, жерлердин аянтына, сапатына көңүл буруп атабы? Чек ара чырларына чекит коюу үчүн демаркация, делимитация маселелерин тезирээк бүткөрүүгө шашылып, тажик тараптын мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы келген шарттарына макул болуп аткан жокпу? Бул жагдай сүйлөшүүлөрдөгү эң башкы маселе болууга тийиш! Антпесе, жерлер берилип кеткен соң бармагыбызды тиштеп, жер тепкилеп, бийликти сөккүлөп, бийлик ар нерсенин башын айткан акыбалга кептелип жүрбөйлү... Бирок анда кеч болуп калат...
“Ата-Журт” партиясынын лидери өз сөзүндө Баткендеги чек ара маселесин чечүүнү талап кылып, митингге чыккандардын камакка алынуусун сынга алды. Анын айтымында, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн чыккан жарандарды камап, коркутуп, үркүтүү таптакыр туура эмес. Анткени, сөз Разаковдун, же бийликтегилердин менчигинин чек арасы жөнүндө болуп аткан жок. Сөз мамлекеттик чек ара, улуттук кызыкчылык жөнүндө болуп атат. Мында Камчыбек Ташиевдин логикасына толугу менен кошулууга болот. Жарандардын чек ара маселесин көтөрүп, аны чечүүнү, чек ара тилкелериндеги аймактарда тынчтыкты камсыз кылууну талап кылуусу цивилдүү, укуктук мамлекет үчүн мыйзам ченемдүү көрүнүш.
Эмнеге чек ара аймактарында тынчтыкты талап кылгандар камакка алынышты? Же кыргыз өкмөтү үчүн чек ара жаңжалдарын алдын алууну талап кылуу кылмыш болуп калганбы?
Эгерде эки өлкө ортосундагы чек ара жаңжалдарынын келип чыгуусуна көз жүгүртө турган болсок, чырды дайыма Тажикстандын жарандарын баштаганын көрөбүз. Эгемендикке келгенден бери 200гө жакын чек ара конфликттери орун алса, алардын баарына тажик туугандар кыйыр же түз себепчи болуп келишүүдө. Мындай жагдай албетте, ойлондурбай койбойт.
Эмнеге Тажикстандын жарандары чек ара жаңжалдарын чыгарышат? Кыргызстандын жарандарындай эле тынчтыкта тиричиликтерин өткөрүшүп, күн кечире беришсе болбойт беле?
Бул суроого Камчыбек мырза жооп бергендей болду. Ал: “Бүгүн эптеп эле жерлерди алмаштыра калсак, маселе токтойт, чек арадагы абал турукташат деген туура эмес. Тажик тараптан болгон чагымчыл аракеттердин баары кайсы бир деңгээлде уюшулган болушу ыктымал. Аларда саясий чөйрө башкача. Жогору жактан команда, кандайдыр бир ишаарат болбосо, бир адамы да кыйылдабайт”,- деп айтты. Арийне, саясатчы эң туура баамдаганын белгилегибиз келет. Тажикстанда автократиялык бийлик режими өкүм сүрөт, президент Эмомали Рахмондун бийлиги күч. Адатта мындай режимде жарандар мыйзамга каршы иштерди кылуудан, өлкөдөгү туруктуулукка шек келтирүүдөн чочулашат. Анткени, жазасы катуу болот. Бирок чек ара жаңжалдарына себепчи болушкан Тажикстандын жарандарынын жоопкерчиликтери каралганын уга элекпиз. Алар Камчыбек Ташиев айткандай, жогору жактан ишааратты аткарып келатышкандай таасир калтырат. Андай эмес, чек ара жаңжалдары жарандар ортосундагы турмуш-тиричиликтик маселелерден улам гана чыккан чырлар деп да эч ким айта албайт. Дегинкисинде, эки өлкө эки башка саясий кырдаалда чек ара маселесин чечүү аракетин көрүп келишет. Алсак, Кыргызстанда ар 5-6 жылда бийлик алмашып, бийликке келгендер кайра кеткиче чек араларда тынчтык болуусун гана каалап, маселени батыраак чечүүгө ашыкпаса, Тажикстанда Эмомали Рахмон кошуналар менен чек араларды делимитациялоо, демаркациялоону батыраак аягына чыгарып, мамлекеттик чек аралары толук такталган мамлекетти уулуна өткөрүп берүүнү көздөп аткандыгы талашсыз. Максатка жетүү үчүн бардык ыкмалар колдонулат эмеспи.
Тажик бийлиги да чек ара маселесин өз пайдасына чечүү үчүн провакацияларды уюштуруу менен кысым, басым көрсөтүү жолун тандап албаган деп ким айта алат?
Булардан сырткары, Камчыбек Ташиев чек ара маселесинде өлкө башчысы буйрук берип эле тим болбостон, дайыма көзөмөлүнө алып, өкмөт көйгөй чыкканда гана өрт кызматындай жетип барып, чыр басылган соң кайра келе берген иш ыкмадан арылып, Баткендин чек аралаш райондоруна өзгөчө макамдарды берип, ал жерге чек ара кызматын, укук коргоо органдарын көчүрүп баруу зарылдыгын айтты. Анткени, жерлерди алмашуу менен эле Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек ара чырлары басылып калат дегенге болбойт. Андан ары да чек арадагы аймактарда тынчтыкты, элдин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тийешелүү кызматтардын ошол жерде иш алып баруусу кажет. Буга кошумча “Ата-Журт” партиясынын лидери чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө коркоктукка, сыпайычылыкка алдырбоо керектигин, тажик бийлиги менен тең ата сүйлөшүү зарылдыгын билдирди. Тажик тарап оор шарттарды койсо, кыргыз өкмөтү андан өткөн шарттарды коюуга тийиш! Ошондо гана чек ара маселесин улуттун кызыкчылыгында чечалабыз.
Булак: "Майдан.kg"