www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Камчыбек Кыдыршаевич, быйыл күзүндө президенттик шайлоо болуп өтөт, шайлоо таза өтүшү мүмкүнбү?

-2011-жылы өткөн шайлоодо бийликте турган адамдар таза шайлоо өткөрөм деп аракет кылган. Ошол маалда мыйзам бузуулар өтө көп катталган. Жүз миңдеген  адамдардын укугу бузулган. Бүгүн, мамлекеттик башкаруу кандай болуп атат? Кыргызстанда, кыргыз элине өтө чоң мүмкүнчүлүк  бар, шайлоону таза өткөрүп, эл өзү каалаган президентин тандап алганга. Кыргыз эли өз добушун сатпашы керек жана сатылбашы керек. Эл добушун сатып жүрүп эмнеге жетти, так ушул көйгөйдү калдайган калк алдын-ала ойлонушу абзел. Бирок шайлоо баары-бир таза эмес өтөт.

-Мураскер ким болот деп ойлойсуз?

-Мураскер десе эле биз, Атамбаев өзүнүн жакын кишисин алып келет, өзүнүн кишиси же болбосо кол алдында иштеген адамдардын алып келет деп ойлоп атабыз. Мүмкүн, мураскер эл арасынан тандалып калсачы... Ал элдин тандоосу. Баарынан мурун биз ошол мураскер элдин жүгүн аркалап кете алабы деп ойлонушубуз керек.

-Камчыбек Кыдыршаевич, эл арасында Сиздер бириккен “үчилтик” үчөө үч башка Москвада президент болгонго акча издеп, атактуу бизнесмендер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат деген сөздөр болууда. Ушул сөздүн канчалык деңгээлде чындыгы бар.

-Ар бир саясатчы бирикти десе эле баарыбыз биригип бир кабинетте кофе ичип олтуруп калбайбыз да. Андыктан биздин негизги багытыбыз бир болуш керек. Мен канчалык сүйлөшпөйүн, Акматбек Келдибеков сүйлөшпөсүн, Адахан Мадумаров сүйлөшпөсүн, баардык сүйлөшүүлөрүбүздү бир багытка топтошубуз керек. Ошондо гана ийгилик жаралат.

-Анда президенттикке үчөөңөрдүн кимиңер аттанасыңар?

-Аны убакыт көрсөтөт, талапкердин президенттикке даярдыгы барбы же жокпу ошол чечет.

-Сиз президент болгуңуз келеби?

-Мен сөзсүз президент болгум келет.

-Эгерде Президент болуп калсаңыз кимди биринчи кызматынан ыргытасыз?

- Аны азыр айтууга болбойт...

-Бул президенттик шайлоодо административдик чара колдонулабы же колдонулбайбы?

-Президенттик шайлоодо эч качан административдик чара колдонулбайт деп айтууга болбойт. Бул жолу өзгөчө шайлоо болот. Анткени бийликте отурган адам бийликтен кетип жатат.  

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg

Последние новости