www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кызык, “Республика-Ата Журт” фракциясы Бабановго бир эмес эки жолу батасын берсе да Ө.Бабанов анысын НТСтен айттырып коюп, бирок Өз оозунан азырынча расмий макулдугун билдире элек. Кыйын бизнесмен эмеспи, балким соодалашуусу бүтпөй жаткан го? “Ата Мекенде” болсо Ө.Текебаев А.Салянованы аттантан экен деп уктук. “Кыргызстан” фракциясы болсо Канат Исаевди эмес, КСДП фракциясынын талапкерин колдоого алат имиш. “Өнүгүү-Прогресс” болсо өткөндө тигинтип өз лидери Б.Төрөбаевге “Ак жол” каалап аламанга аттандырды. Жалаң Акаев менен Бакиевдин арсеналынан куралган “Бир бол” Мыктыбек Абдылдаевди алып чыгышты. КСДП болсо учурда академиялык ойлонууда. Талаперлер көп болгону менен татыктууларын таба албай жатышат окшойт. Бул хан сарайдын ичиндегилери. Ал эми сыртта татыктуусу деле, татыктуу эмеси деле билек түрүнүүдө. Эң кубанычтуусу, Кубанычбек Апастын аты азырынча атала элек.

“Ачык саясат плюс”

Последние новости