www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Каныбек мырза, эл арасында жакын арада Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова дагы камакка алынат деген сөздөр айтылууда.  

-Атамбаевдин оппозиция жасаган саясый куугунтугу уланып жатат. Мына “Ата Мекен” фракциясынан эки депутатка кылмыш иши козголду. Булар чындыкты муунтту. Мыйзамдын талаасында кармашкандан утулуп, айласы алты кеткенде зордук-зомбулукка өтүштү. Бийликтен баарын күтсө болот.

-Ушул тапта айрымдары Өмүрбек Текебаевди колдосо, айрымдары мыйыгынан жылмайып турат. Себеби, буга чейин Жогорку Кеңеште 17 депутатка кылмыш иши козголгондо, бир дагы жолу Текебаев көңүл бурган эмес дейт. Сиздин көз карашыңыз?

-Мындай, шайлоого бир барган кишинин жок дегенде ондон жыйырмадан ашуун душманы, ошол эле учурда утулуп калган каршылашы болот. Текебаев, акыркы 30 жылда бир дагы жолу саясатта уттурган эмес, утуп келген. Саясатта конкуренция деген болот. Текебаев камалгандан кийин эле Текебаев тарапта болуп атса, буга ич күйдүлүк кылып жатышы мүмкүн. Бул – жашоо. Бирок биз жеке таарынчтарды унутуп, бири-бирибизди колдоп мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн биримдикте кетсек жакшы болот эле.

- Революция болуп кетиши мүмкүнбү?

-Бул бийлик эл менен оппозиция менен сүйлөшүүлөргө келбесе арты жаман болушу мүмкүн.

-Каныбек агай, адамдын башына оор иш түшкөндө баш көтөрүп чыгуу өтө кыйын. Сиз Текебаев үчүн баш көтөрүп чыгып, бийликке сын-пикирлерди айтып жатасыз. Эртең өзүңүз дагы кандайдыр бир шылтоолор менен капканга түшүп калбайсызбы?

-Бул бийликтен баарын күтсө болот. Мен коркпоймун. Анткени Кыргызстандын казынасына кол салган эмесмин.  Тилеккке каршы азыр ушак-айыңдын негизинде гана каматмай болуп калды. Андан коркпой, Кудайдан коркуп, өз элиңдин жүзүн карай албагандан коркуш керек. Бүгүнкү бийликтин камчысын чаап жаткандар деле эртеңкисин ойлош керек. 2006-жылы Суталинов, элге муштумун көрсөткөн. Азыр эмне болду? Мен таба кылган жокмун, ошондой кадамдарга барбаш керек, ошол жылы эки генерал боз үйлөрдү тебелеген. Экөө тең кайтыш болуп кетти. Ошондуктан адам миң чоң болбосун элди сыйлап, эртеңки күндү унутпай, эл ыйык туткан нерселерди сыйласа.

-Быйыл күзүндө президенттик шайлоо, бизге Ким Чен Ындай президент керек болуп калган жокпу...

- Манас эпосунда кандай адам эл башкарыш керек дегенде 5 мүнөздөмө айтылат. Биринчиси айкөл, экинчиси аруу, үчүнчүсү чечен, төртүнчүсү эр жүрөк, бешинчиси калыс деп. Ушул беш сапаты бар адам бизге жетиштүү.

-Эгерде Сиз президент болуп калсаңыз, мамлекетти башкаруудагы биринчи кадамды эмнеден баштайсыз...

-Ал жөнүндө мен ойлоно элекмин. Бирок мыйзамсыз жапа чеккендерден кечирим сурашыбыз керек. Ар бир адамын чөнтөгүнө акча салып бере албайбыз. Жок дегенде өзүнүн нанын таап жеп жаткан элге тийишпешибиз керек.  Алардын нанын тең бөлүп жеген коррупционерлер түрмөдө отурушу керек.  Алсак Кыргызстандын бюджети 2 млрд АКШ долларын түзөт. А бизде фискалдык мекемелер күнүнө 1 млн долларды уурдайт. Биз ошону эле ордуна коюп койсок, башка мамлекеттен карыз сурап кереги жок. Мисалы Иранда коррупцияга каршы атайын мыйзам жок. Бирок Иранда президент өзү коррупцияга жол бербейт.

-Кыргыз элинин эмнесине жүрөгүңүз ооруп турат.

-Биз мындай жашоого татыктуу эмеспиз. Бүткүл дүйнөдөгү National Geographicтин изилдөөсү боюнча Кыргызстан дүйнөдөгү 7 кооз өлкөгө, өзүн бактылуумун деп эсептеген 36 өлкөгө кирет экенбиз. Ал эми Кыргызстандын бренди катары Арсланбобдогудай жапайы токой дүйнө жүзүндө бизде эле бар экендигин айтты. Кудай берген жер, Кудай берген эл экенбиз. Тескерисинче, коррупция боюнча 136 өлкөнүн катарына кирдик. Кыргызстан Тажикстандан да төмөн болуп калдык. Ошол менин намысыма тийет. Кыргыз эли дүйнөгө Чынгыз Айтматовдой адамдар менен таанылдык. Жакында Мырзабек Иманалиевди акыркы сапарга узаттык. Ошол адамдын тапкан формуласын космосто колдонот.  Ушундай элди кордоп аткан бул бийлик. Элибизди барктабаганда бийлик. Бийликтегилердин эле ыйманы оңолсо Кыргызстан тез эле оңолот. Грузия ушул тапта бюджетин 7 эсе көтөрүп алды. Анткени ал жакта коррупция жок, укуктук өлкө, милициянын айлыгы депутаттын айлыгы менен тең. Ыйман болбосо эч нерсе оңолбойт, оңолот деп үмүт кылууда ойлонто турган нерсе болуп калды.

-Рахмат.

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg

Последние новости