www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ат-Башы районунун атуулу, белгилүү депутат Камчыбек Жолошбаевдин тааныбаган киши деле болбосо керек. Айтылган кеп бар эмеспи “баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши” деп. Ансыңары Камчыбек мырза быйылкы жылдын башында эмгеги сиңген үчүн ажодон сыйлык алды. Ал сыйлыкты алган эч нерсе эмес, элге жарыгы тийип, Ак-Талаа районуна барып өзүнүн менчик эки этаж имаратын бекер “ бала бакча кылып алгыла” деп берген жоругу элди абдан кубантты.
Андан дагы бир курдай Жогорку Кеңештин жыйынында “Кымбаттуу депутатттар, өкмөттүн карызынан кутулганга жардам берели, чоңдор чоң берели да кичинелер кичинеден берсин” деп айтканы эле элге күйгөнү экенин билсек болот.Анткен менен байлыкты басып жата бербей Камчыбек мырзадай болуп элге карааныңар качан тийет болду экен? Тээ илгертен эле баатырлар энөө болушкан ар тараптуу сөз сүйлөп.
“Карышкырды танка менен атыш керек” деп айткан сөзү эле болбосо, Камчыбек мырза канча кайрымдуу иштерди кылганын биз билбейбиз. Тилинен чаң чыккандар депутат болуп турганда эмне кылып коюшуптур. Алар Камчыбек мырзадай болуп “бала бакча кылып алгыла” деп бекер имарат берип коюшса анда эчак элге жарыя кылып жиберишмек.
Бул эми Камчыбек мырзанын пейилинин кеңдиги, дагы элге жарыгы тийе турган кези алдыда. Биз адамдын жаман жагын эле эмес, жакшы жагын да көрө билгенге кез келди.
Бердикожо Бийназаров
Булак: NazarNews.kg