www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы күндөрү коомчулукта «эт кымбаттап кетти» деген нааразычылык күчөдү. Базарда баа көтөрүлсө, күнөө дароо эле фермерге оодарылат. Бирок маселеге эмоция менен эмес, жөнөкөй эсеп аркылуу карап көрөлү, - дейт коомдук ишмер Канат Хасанов.
Фермер бир жашар букачарды орточо эсеп менен 40 миң сомго сатып алып, семиртүүгө коёт. Букачар күнүнө 3 килограмм комбикорм жейт. Бир килограмм комбикорм 22 сом болсо, күнүмдүк чыгым 66 сомду түзөт. Айына — 1 980 сом.
Мындан тышкары, бир букачарга айына орточо 7 500 сомго чөп керектелет. Демек, айлык тоют чыгымы 9 480 сом болот.
Букачарды сатууга жарактуу кондицияга жеткирүү үчүн, башкача айтканда 100–120 килограмм салмак коштуруш үчүн, кеминде 6 ай багуу зарыл. Алты айлык багуу чыгымы — 56 880 сом. Жалпы өздүк наркты эсептесек, букачарды сатып алуу — 40 000 сом, семиртүү чыгымы — 56 880 сом.
Жыйынтыгында бир букачардын баасы фермерге 96 880 сомго түшөт.
Эми сатуу жагын карайлы. Эттин килограммын 650 сомдон жогору сатууга тыюу салынган. Эгер 120 килограмм эт сатылса: 120 × 650 = 78 000 сом.
Натыйжада фермер 18 880 сом чыгымга учурайт. Бул эсепке суу, электр энергиясы, ветеринардык дары-дармек, өлүм коркунучу, күйүүчү-майлоочу материалдар, убакыт, эмгек жана нерв такыр кошулган эмес.
Мындай шартта негизги суроо жаралат: фермер алдын ала эле чыгымга иштеп жатса, мал семиртүүнүн эмне кереги бар?
Бул жерде ким күнөөлүү? Баасы улам өсүп жаткан комбикорм менен чөппү? Тоют ташууга кеткен күйүүчү майбы? Же эттин баасын реалдуу өздүк наркка туура келбеген деңгээлде чектеп койгон чечимби? Дагы бир суроо: фермер бул алты ай бою бекер иштеши керекпи? Анын айлыгы кайда? Эмгегинин акысы кайда?
Эл «эт кымбат» деп нааразы. Бирок фермер кайда барсын? Зыянга иштей берсинби же чарбасын жапсынбы?
Эгер мамлекет бааны жөнгө салса, анда логикалык суроо чыгат: фермерге субсидия кайда? Жоготуулар үчүн дотация кайда? Өзүн-өзү актабаган баа менен реалдуу нарктын айырмасын ким жаап берет?
Бул суроолорго жооп берилмейинче, «эт кымбат» деп айтуунун өзү адилетсиз. Анткени бүгүн фермер пайда көрүп жаткан жок. Ал болгону аман калууга аракет кылууда, - дейт Канат Хасанов.
Бул маселе жөн гана эттин баасы тууралуу эмес. Бул — агрардык саясаттын, баа жөнгө салуунун жана фермерге болгон мамиленин күзгүсү. Мамлекет рынокко кийлигишип, бааны административдик жол менен чектеп жатса, анда ал фермердин чыгымын да моюнуна алышы керек. Болбосо бул жөнгө салуу эмес, жоопкерчиликти бир тарапка оодарып коюу болуп калат.
Фермер — ортомчу эмес, алып-сатар да эмес. Ал айлап-жылдап тобокелдикке барып, эмгек кылган адам. Эгер бүгүн фермер пайда көрбөсө, эртең ал бул тармактан кетет. Ал эми фермер кеткен жерде эт арзандабайт — тескерисинче, тартыштык жаралат.
Ошондуктан маселе «эт кымбат» деген ураан менен эмес, реалдуу эсеп, так саясат жана фермерди колдоо механизмдери менен чечилиши керек. Болбосо бүгүн фермерди чыгымга иштеткен система эртең бүтүндөй азык-түлүк коопсуздугун коркунучка салат.
Бул — жөн гана экономикалык эмес, стратегиялык маселе. Аны көрмөксөнгө салуу — эртеңки күндүн баасын бүгүн эле кымбаттатуу менен барабар.