www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иранда азыр абдан курч саясий кырдаал түзүлүүдө. ЖМКлардын маалыматына караганда, президент Масуд Пезешкиан катуу нааразы. Анын өзүнүн Тышкы иштер министри Аббас Арагчи дээрлик өкмөттү этибарга албай калды. Айтылып жаткандай, министр түздөн-түз КСИРдин (Корпус стражей исламской революции) көрсөтмөлөрү менен иштеп, расмий бийлик түзүмүн көз жаздымда калтырууда.

Иран президенти дипломатиялык алкакта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аракет кылып жатканда, «күч түзүмдөрүндөгү жетекчилер» анын артынан өз эрежелерин таңуулап жатат. Мындан улам, президент Пезешкиан Тышкы иштер министри генералдардын жеке «курьерине» айланып калганын каңкуулоодо.

Буга байланыштуу эгер президенттин кол тамгасынын салмагы жок болсо, анда ким менен сүйлөшүү жүргүзүү керек деген суроо туулууда. Эми Пезешкиан көзөмөлдү кайра кайтара алабы же жөн гана формалдуу фигурага айланып калабы чоң көйгөй болуп турат.

Последние новости