www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
4-майда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда “Мектеп лигасынын” волейбол, баскетбол жана футбол боюнча республикалык оюндарынын ачылыш аземи өттү.
Салтанатка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев, машыктыруучулар жана окуучулар катышты.
Өз сөзүндө Урмат Асанбаев оюндардын башталышы менен куттуктап, бул долбоор жаштар арасында спортту өнүктүрүүгө олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи. Ошондой эле спортсмендерге ийгилик, таза атаандаштык жана жогорку жыйынтыктарды каалады.
Мектеп лигасы өспүрүмдөрдүн спортко болгон кызыгуусун арттыруу, сергек жашоо образын жайылтуу жана алардын таланттарын өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан мектеп окуучулар арасында өткөрүлүп келет.
Финалдык оюндар 8-майга чейин уланат.
Байге фонду:
1-орун — 500 000 сом;
2-орун — 300 000 сом;
3-орун — 200 000 сом.