www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Канат Исаев бизнесмен Алиджан Ибрагимовдун дүйнөдөн кайтканы боюнча билдирүү калтырды. Ал кыргыз эли чоң жоготууга дуушар болгонун белгиледи.

«Белгилүү коомдук ишмер Алиджан Ибрагимовдун мезгилсиз дүйнөдөн өтүшү бул биздин эл үчүн чоң жоготуу болду. Анын каза болушу бизди жана аны таанып билгендерди терең кайгыга салды. Анткени анын эмгеги Токмок эли үчүн ат көтөргүс баалуу. Эл арасында жүрүм туруму, жасаган кайрымдуулук иштери менен элге өрнөк боло алган.

Ошондой эле, ал үй-бүлөдө камкор жана үлгүлүү ата болууга жетишти. Жаштарды билимге умтулуусуна мүмкүнчүлүк түзүп, татыктуу жашоого үндөп дем күч бере алды. Биз эми калкка өз өмүрү менен өрнөк болчу чыныгы мекенчил уулдан айрылдык», - деп билдирди Исаев.

Эскерте кетсек, Алижан Ибрагимов кечээ, 3-февралда 67 жаш курагында көз жумду. Ал көпкө чейин комада жаткан. Ибрагимов Өзбекстандын Фергана облусунда туулуп, Кыргызстандын Чүй облусунун Токмок шаарында жашагандыгы белгилүү. Forbes.kz маалымдагандай, Алиджан Ибрагимов Казакстандын эң бай ишкерлеринин бешилтигине кирет. Анын байлыгы 900 миллион долларга бааланган. Ал Александр Машкевич менен Патох Шодиев өнөктөш болгон Eurasian Resources Group (ERG) компаниясынын тең ээси болгон (20,7 пайыз).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости