www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2014-жылдын ноябрь айында Казакстанда “Түрк элдеринин салттык спорт оюндарынын ассоциациясын” түзүлгөндө ошол кездеги Кыргызстандын көкбөрү федерациясынын президенти Канатбек Исаев Кыргызстандын ассоциацияга мүчө болушун расмий тастыктап казактардын документине кол койгон. Канат Исаев бул документке кол койгондо бир гана көк бөрүнү, көк пар деп өнүктүргүнгө эле эмес, оодарыш, тыйын эңмей, бүркүт салмай, кыз куумай, жамбы аттуу, тогуз коргоол өӊдүү кыргыздын улуттук оюндардын да казактардын ассоциациясынын атынан өнүктүрүүгө кол коюп берген экен.
Исаевдин мына ошол былыгы ачыкка чыгып, сынга кабылганда маалымат жыйын берип, журналист Алтынай Ормотоеванын “сиз Эл аралык «Көк Бөрү» федерациясынын президенти болуп туруп эмне үчүн кыргыз элинин кызыкчылыгын коргогон жоксуз?”-деген суроосуна «Канаданын компаниясы Кыргызстанда катталса, анда Кыргызстандын мыйзамы менен иштейт деп жазабыз. Анын башкы штаб квратирасы Астанада жайгашса анда Казакстандын мыйзамы менен» деп жазабыз деп жооп берди.
Ошондой эле Исаев печат басып, кол коюп тастыктап берипсиз го деген журналисттин суроосуна “печать нени чечет эле” деди. Печать көп нерсени чечээрин, печать болгон үчүн парламентте депутат болуп отурганын Канат мырза билбейби же ал айткандай "көк бөрү" менен "көкпардын" айырмасы жок, бир эле оюн эмес да. Дүйнө "көк пар" дегенде Казакстанды, "көк бөрү" дегенде Кыргызстанды түшүнөт го.
"Көкпар" менен "көк бөрү" эки элдин улуттук кызыкчылыгын коргойт го! Чындап эле маселенин баары Исаев айткандай болсо, эмне үчүн “Кумтөр” компаниясы Кыргызстандын эмес, Канаданын мыйзамы менен жооп берет? Эмне үчүн Кытайдан алынган насыялардын баары Бээжиндин мыйзамы менен чечилет деген суроо жаралат.
Баса, Эл аралык «Көк Бөрү» федерациясы Канат Исаев Казакстандын “Түрк элдеринин салттык спорт оюндарынын ассоциациясына» кол койгондон кийин биздин кыргыз бечаралар печать жоголгондугун айтып кайрадан көчүрмөсүн жасаган экен. Эмне үчүн Исаев айткандай печат маселе чечпесе, казак туугандар кыргыздардын бетине мына ушул Канат Исаев кол койгон документи кармап Өзбекстанда өткөн эл аралык "көк бөрү" федерациясынын конгрессинде документтин көчүрмөсү менен видео тасма алып келишти?
Канат Исаев бул мындай аракети менен улуттун кызыкчылыгына көз жумдубу же саясатта жасап көнгөн интригасын улуттук оюнга да жасай баштадыбы?
Булак: NazarNews.kg