www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттиги экс-Акыйкатчы Турсунбек Акун менен сынга кабылган өкмөт башчы тууралуу баарлашты.
-Турсунбек мырза, өкмөттүн ишине ичи жылыбагандар четтен чыгат. Мухамметкалый Абылгазиев чындап эле ишин жөндөй албай жатабы?
-Анын кызматына көз арткандар аны каралап, ал кылган иштерди жокко чыгаруунун аракетин көрүп жатышат. Мен билгени Мухамметкалый Абылгазиев мурда иштеп кеткен премьер-министрлердей болуп, жасаган ишин пиар кылып мактанган жок. Унчукпай ишти бүткөрүп жатканы үчүн иштебей жаткандай сезилип жатат окшойт. Сөзүм куру болбош үчүн мен Мухамбедкалый Абылгазиевдин мактоого арзыган иштеринен экини гана айтайын. Ал көп премьер-министр жасоого батынбаган иштерди жасады. Сооронбай Шарипович баштап, аягына чыга албай калган чоң иштерди бүткөрдү. Айтайын дегеним, 2009-жылга чейин эл отурукташып калган 49 жаңы конуштарды трансформациялап мыйзамдаштырып берди. Ошондой эле Бакиевдин убагында трансформация болсо да Ново-Павловкадагы жерге эмнегедир элдерди отурукташтырбай келген. Ошол жер да Мухамметкалый Абылгазиевдин убагында берилди. Кыйынсынган премьер-министрлерге канча жолу кайрылсак да, чечмек турсун маани да беришкен эмес. Эл кубана турган иштерди кылса да, Мухамметкалый Абылгазиев мактанып төш каккан жок. Ал турсун ушуну кыйратып жибердим деп пиар да жасаган жок. Унчукпай иштеген адамды ыгы келсе да, келбесе да каралай бербей жасаган иштерин да эске ала жүрсөк жакшы болот эле.
-Сиз премьердин таламын талашканыңыз менен депутаттардын деле көзү түз болбой, көбүрөөк сындай баштады го?
-Депутаттар өздөрү ишеним артып шайлаган премьерге кичине иштешине шарт түзүшсө болот эле. Биздин депутаттар акыркы мезгилде монстрга айланып калды. Премьер-министр эле эмес, өкмөттү да иштетпей бирде парламенттеги чоң жыйынга чакырса, бирде фракцияга, бирде комитетке чакыра беришет. Алар жыйынга катышып эле жүрө береби же иштеш керекпи деген маселе жаралды. Өкмөт ишинен жыйынтык бериш үчүн иштеш керек. Иштеш үчүн жыйындарды азайтыш керек. Жыйындарды азайтайын десе, депутаттар жанын койбой чакырат. Келбесе айлаларын кетирип, ар кайсыны айтышат. Ушундай мамилени токтотуп, иштешине шарт түзүшүбүз керек да. Биз деле башка мамлекеттердей болуп, премьер-министрди 4-5 жыл иштешине шарт түзбөйлүбү. Абылгазиевди кетирип, башкасын алып келсек эле укмуш болуп кетпейт да. Булар колунан келишинче иштеп, мамлекет үчүн пайдалуу долбоорлорду ишке киргизип, майда болсо да жер-жерлерде заводдорду иштетип, элди аз болсо да жумуш орду менен камсыздай башташты. Ошондой эле Рус Гидро менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Нарын каскадын куруунун аракетин көрө башташты. Ошол иштердин аягына чыкканча ар кайсыны айтып, кызматтан кетирүү аракетин көрбөсөк деле болот эле.
Булак: NazarNews.kg