www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түндүк-Кавказда жайгашкан Кубан облусунда окуучуну каннибализмге күнөөлөгөн ызы-чуу чыкты.Бул тууралуу Life.ru. жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 12 жаштагы окуучу кыз кишинин этин жеген деп айыпталганына карабай, мектепте окуп жатканына ата-энелер чуу чыгарышкан.
Окуя мындайча болгон: 2018-жылы полиция 12 жаштагы окуучу кызды жана бир эркекти каннибализмге шектүү катары кармашкан. Окуучу кыз чоң киши менен бирдикте кафеден таанышкан жигиттин үйүндө жашап калышкан. Чатактан улам шектүү адам жигитти өлтүрүп анын этин жеп, ага кыз да кошулган деген кине менен кылмыш иши козголгон.
Натыйжалда, киши соттолуп, кыз психиатриялык ооруканага жаткырылган.
Бирок, ата-энелер кызды эмнеге коё беришкенине жана мектепке кандайча кабыл алышканына тынчсызданы арызданышкан.
Учурда, бул иш боюнча тергөө иштери жүрүүдө.
Булак:NazarNews.kg