www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жылдын 15-декабрында Кант шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын демилгеси менен жыйын өттү.

Иш-чарада Кант шаарынын мэриясында мамлекеттик тилдин коомдогу орду, расмий иш кагаздарын жүргүзүүдө талаптар жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамдын аткарылышы талкууланды.

Жыйынга Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Казакбаевич Мураталиев баштаган өкүлдөр, шаар мэри Улан Бекболотович Майлибашев, мэриянын кызматкерлери жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүү, жакшыртуу жана билим берүү тармагында кыргыз тилине көңүл буруу маселелери каралып, Улуттук комиссиянын Санарип жана инновациялар бөлүмүнүн башчысы Айзаратбек Эсенов мамлекеттик тилдин санарип дүйнөдөгү орду аталышындагы презентация менен тааныштырды.

Жыйын соңунда тиешелүү сунуштар кабыл алынып, мекемелер аралык кызматташтыкты күчөтүү боюнча макулдашылды.

Последние новости